ЖК комитети оң рулдуу машиналарды алып келүүгө уруксат берүүдөн баш тартты

Тармактык комитеттин чечими эми жалпы жыйынга чыгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Оң рулдуу автоунааларды Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоор колдоо тапкан жок. Тагыраак айтканда, бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети демилгени четке какты.
Мыйзам долбоорун четке кагуу боюнча комитеттин чечими эми жалпы жыйынга чыгарылат.
Эске салсак, оң рулдуу машиналарды ташып келүү жөнүндөгү демилгени депутаттар Марлен Маматалиев, Чолпон Султанбекова, Камила Талиева жана Айбек Осмонов көтөргөн. Алар автопаркты жаңылап алууну максат кылууда. Азыркы көлүктөрдүн техникалык абалы начар, эски, ошол эле учурда кымбат болуп жатканы жүйө келтирилген.
Бирок ЖКККББ оң рулдуу автоунаалар жол кырсыктарынын негизги себепчиси экенин айтып, каршы чыгууда.
Кызыл чеке кылган оң рулдуу унаалар: бийлик менен элдин пикири эки башка