Кыргызстанда бир жума аралыгында күйүүчү май арзандаганы кабарланды

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 18-апрелге салыштырмалуу күйүүчү-майлоочу каражаттарга болгон баа 0,1-1,6 сомго арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.
Ведомство күйүүчү майдын баасы негизсиз өсүп кетпеши үчүн күн сайын рынокко мониторинг жасалып турарын белгиледи.
Бул жолу күйүүчү май саткан беш жайдын койгон баасына анализ жасалган.
ЖК комитети оң рулдуу машиналарды алып келүүгө уруксат берүүдөн баш тартты