Түндүк атлантикалык альянстын соңку аракеттерине баам салган Андрей Коцтун макаласын РИА Новости агенттиги жарыялаган.
НАТОдогу Скандинавия
Финляндия менен Швеция бир топ жылдан бери бейтараптуулукту сактап, блоктон тыш макамды карманып келген. Украинада россиялык атайын операция башталгандан тарта аталган скандинавиялык мамлекеттердин бийликчил да, оппозициячыл да саясий партиялары НАТОго кошулуу туурасында оозана башташты.
Финляндиянын премьер-министри Санна Мариндин айтымында, Москва жана Хельсинкинин мамилеси эми эч качан мурункудай болбойт. Ал "коопсуздуктун европалык тутумундагы кескин өзгөрүүлөр" шартында Түндүк атлантикалык альянска кирүү зарыл деп эсептейт.
Ушундай эле көз карашты Швециянын премьер-министри Магдалена Андерсон да билдирет. Жергиликтүү маалымат каражаттарына таянсак, ал эбак чечим кабыл алган. Эки өлкө тең быйыл 29–30-июнда Мадридде өтө турган НАТОнун саммитинде мүчөлүккө кирүүгө арыз тапшырары болжонууда.
Альянстагылар Финляндия менен Швецияны көптөн бери күтүп келишет. Башкы катчы Йенс Столтенберг аларды мүмкүн болушунча тезирээк кабыл алууга убада берген. Мындай ынтызарлык түшүнүктүү, себеби Скандинавия жарым аралы жана дээрлик Балтика деңизинин жээктеги чийини бүт Брюсселдин көзөмөлүндө эмеспи. Ал эми россиялык эң маанилүү Мурманск шаар порту блоктун чек араларынан болгону жүз чакырымчалык аралыкта. НАТОдогулар Москвага кысым кылууну кыйла күчөтө алышарын боолголошот.
Кремлдегилер дароо өз көз карашын билдиришти. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев НАТОнун Россия менен жер бетиндеги чек араларынын узундугу эки эседен ашып кетет. Кургактагы күчтөрдү жана абадан коргонуу тутумдарынын тобун күчөтүп, Фин кысыгында кошумча аскер-деңиз күчтөрүн түзүүгө туура келет.
"Эми Балтиканын өзөктүк эмес макамы туурасында кеп жок: тең салмактуулук калыптанууга тийиш", — деп белгиледи ал.
"Маселе Калининград облусунда өзөктүк курал жайгаштырууда эмес. Бул болжолдуу душмандын чек араларына өтө жакын, — деп түшүндүрөт аскерий эксперт Алексей Леонков. — Мында кеп Швеция, Финляндия, ошондой эле Прибалтика РФтин өзөктүк ооздуктоо күчтөрү үчүн мыйзамдуу бутага айланарында. Мурда ракеталарды бура турган эң жакын мамлекеттер Польша менен Норвегия гана болчу. Бирок Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши Россияга Украинанын альянска кабыл алынышындай коркунуч жаратпайт. Кантсе да Скандинавия өлкөлөрүндөгү бийликте алда канча акыл калчап иш кылган адамдар отурат. Анан да алар менен РФтин территориялык талаштары да жок. Ошондуктан чоң деле өзгөрүү болуп кетпесе керек".
Альянстын чыгыш канаты
Россияга башка багыттардан да кысым кылууну улантып жатышат. Жакында эле Йенс Столтенберг альянс "россиялык агрессияга" туруштук берүү үчүн чыгыш канатында туруктуу аскердик күчтөрдү толук масштабдуу түзүү планын иштеп чыгып жатканын кабарлады. Анын айтымында, Түндүк атлантикалык блок ушул тапта Москванын аракеттеринин "узакка созулчу кесепеттерин" жоё тургандай "олуттуу өзгөрүү процессинде".
Европанын чыгышында мурдатан эле НАТОнун түз командачылыгындагы он миңдеген аскер кызматкер бар. Мурдараак альянска мүчө мамлекеттердин башчылары "Россиянын эл аралык коопсуздук жана туруктуулуктун негиздерин бузуу аракеттерине" каршы турууда биримдикти тастыктап, Кремлге "биргеликте эл аралык кысым" көрсөтүүгө ниеттенишкен.
"Россиянын активдүүлүгүнө жооп катары биз НАТОнун коргоо пландарын аракетке киргизип, Ыкчам аракет этүү күчтөрүнүн бөлүктөрүн уюштурдук. Чыгыш флангында биз аскер-аба жана аскер-деңиз күч, каражаттар менен жабдылган 40 миң аскерден турган, альянстын түз командачылыгындагы контингентти жайгаштырдык, — деп айтылат алардын чогуу билдирүүсүндө. — Ошондой эле Болгария, Венгрия, Румыния жана Словакияда төрт кошумча көп улуттуу аскердик топторду түзүп жатабыз".
Эске салсак, ушундай эле топтор 2016-жылы Латвия, Литва, Эстония жана Польшада да түзүлгөн. Ар биринде миңдин тегерегинде жоокер бар. Ошентип, НАТО Россия чек араларына жакын жерлердеги аскерлеринин санын кеминде эле он эсеге көбөйттү.
Акчанын көлөмү да, жоокерлердин саны да артты
Булардан сырткары НАТО өлкөлөрү куралданууга да көп каражат салууну чечишти. Пентагон 773 миллиард доллар сарптамак болду. Бул пландагандан 9,8 пайызга көп. Берлин аскердик бюджетин кеминде эле 100 миллиард еврого жогорулатат: коргоо чыгымдары ички дүң өндүрүмдөн эки пайызга көптүк кылат.
Аскер-аба күчтөрүн кайра жабдууга да, атап айтканда, эскирип калган Tornado аппараттарынын ордуна америкалык F-35 истребителдерин сатып алууга каражат бөлүшөт.
Польша куралдуу күчтөрүнүн санын 300 миң кишиге чейин көтөрөт. Бул азыркыдан эки эсе көп көрсөткүч. Мындан тышкары, вице-премьер Ярослав Качиньский АКШнын өзөктүк куралын жайгаштырууга даяр экенин билдирди.
Россиянын Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев бул демилгени "жеткен абийирсиздик" деп атады. Себеби НАТО дайым Россияны Беларуска стратегиялык ооздуктоо каражаттарын койгонуна эскертүү берип келет эмеспи.
Украинада согуштук аракеттер башталгандан бери анын шылтоосу менен альянстын көптөгөн мүчөлөрү өз арсеналдарын жаңыртып алууну чечишти. Словакия, Чехия, Румыния, Польша жана башка союздаштары Вашингтондун чакырыктарына кулак салып, Киевге эски советтик техникасын жөнөтүүгө макул болушкан. Айтканы менен болгондугу үчүн Пентагон аларга кыйла заманбап куралдарын берүүгө убада кылды. Эксперттердин пикиринде, бул америкалык коргоо-өнөр жай компанияларына эбегейсиз киреше алып келет. Ак үй адатынча пайда көрүп калуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган жок.