Сатыбалды Нааматов XX кылымдын 30-жылдарында ошол кездеги сабатсыздар жана балдар үчүн эң эле зарыл болгон окуу китептерин жазган, кыргыз тилин окутуу ыкмаларын жана жолдорун иштеп чыккан, адабий чыгармалары жана котормолору тынымсыз басылып турган. Эл үчүн, келечек үчүн иштеп жаткан агартуучуга сталиндик репрессиянын таасири тийип, 1938-жылдын 10-февралында атылып кеткен. Анын ысымы көп жылдар бою оозго алынган эмес.
Биз бүгүн ушул агартуучу, котормочу, жазуучу, акын, методист тууралуу 9 факт сунуштайбыз.
Акындын туулган жери жана ата-теги. Ал 1905-жылы азыркы Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч деген айылда, ошол кездеги Балагазы кыштоосунда туулган. Атасы жалпы өрөөнгө таанылган бий болгон. Наамат Кашкардын Келте-Жайлак деген жеринде туулган. Анын атасы Токтогул эки аял алып, биринчисинен Наамат, экинчисинен Кенжегул деген эркек бала көрөт. Наамат төрөлгөндөн кийин Кытайдан Ат-Башыга көчүп келет, баласынын диний билим алуусуна шарт түзөт, натыйжада уулу Наамат чериктерге бий даражасында турат. Ошол кезде анын атасы Токтогул бай жана динчил киши экен, ошол байлыгына таянып Меккеге барып, ажы катары зор кадыр-баркка ээ болот. Наамат бий биринчи болуп Уултай деген аялга үйлөнөт, көпкө балдары токтобой жүрөт, ошондо кыргыздын салты боюнча уулун бирөөгө берип, кайра "сатып алат" да, ысымын ырым кылып Сатыбалды коёт. Экинчи аялы катары каза болгон жээнинин жесирине үйлөнөт. Үчүнчү аялдыкка Үркүндөн кийин Сейилман дегенди алат, ал кадимки Сагынбайдын оозунан "Манас" дастанын жазып алган Ыбрайым Абдрахмановдун жалгыз карындашы болгон. Сейилмандын туугандары Көл тарапка көчүп кетип, карындашына каралашып калган Ыбрайым молдоке ушул Сатыбалды менен бир үйдө жашап калат. Булар тууралуу баяндап Ыбрайым Абдрахманов "Наамат Токтогуловдун өмүр баяны" деген кол жазмасын калтырып кеткен.
Атка учкашып Алма-Атага окууга барышы. Сатыбалды чоң атасынын, атасынын, чогуу жашаган Ыбрайым молдокенин таасиринен бир чети, экинчи жагы өзүнүн кызыгуусунан, дээринде оту барлыгынан улам окууга кызыгат да айылдык молдодон сабатын жоюп, арабча окуп калат. Анан Ат-Башыдагы орус-тузем мектебинен билим алат, ал жерде арабча менен бирге орусча да үйрөнөт. Андан ары да окуунун зарылдыгын түшүнгөн Ыбрайым Абдрахманов аны атына учкаштырат да Алма-Атага алып жөнөйт. Ал жерден окууга кабыл алынып, 1926-1927-жылдарда Казак-кыргыз эл агартуу институтунда окуйт. Бул окуу жайы көп нерселерди үйрөтөт: тилдик маданияты калыптанат, орусча, татарча, казакча биле баштайт, окууну гана эмес жазууну да, аларды басмалардан чыгарууну да үйрөнөт. Ал мезгилде көп жыл окутууга болбойт эле, бир гана элдин сабатын ачуу талабы турган.
Педагогикалык жана басма тармагындагы ишмердүүлүгү. Ал Казак-кыргыз эл агартуу институтун (Алма-Ата) методолог-педагог адистиги боюнча бүтүрүп келгенден кийин 1928-жылдан 1933-жылга чейин бир эле мезгилде Кыргыз мамлекеттик басмасында (Кырмамбаста) редактор, педтехникумда кыргыз тили мугалими болуп иштеген. Ошол педтехникумда иштеген кезде жаш калемгерлердин башын кошуп айтылуу "Кызыл учкун" ийримин уюштурууда да эмгеги болгон, жазуучулардын көбү, алардын ичинде Алыкул Осмонов да ал кишини урмат менен "биздин мугалим" деп атаган экен. 1933-1935-жылдары Эл агартуу комиссариатында (Наркомпрос) жетектөөчү адис-методист катары кызмат кылган да, 1935-жылдан тартып Фрунзе педагогикалык институтунда окутуучулук кызматты аркалаган. Көрүнүп тургандай, ал жетекчилик, же башка чоң кызматта иштеген эмес, агартуучулук жана басма тармагында гана эмгектенген. Буга, албетте, анын бийдин баласы болгондугу таасир эткен болуу керек.
Жети жыл ичинде кырктай китеп жазган. Адегенде араб арибин колдонуп жазуу ишин баштаган СССРдеги түрк элдеринин ошол саясаты кимдир-бирөөлөргө жакпай калат, биринчиден, мусулмандар арабча окуп ислам динине ыктап кетет дешкен, экинчиден, араб тамгаларын үйрөнүү кыйыныраак да болгон. Дал ошону үчүн 1928-жылы латын арибине өтүү иштери башталган. Ушул демилге үчүн аябай катуу иштеген Сатыбалды Нааматов болгон. 1929-жылдан тартып 1931-жылга чейин чоң кишилер үчүн "Сабатсыздык жоюлсун" деген алиппеси жыл сайын чыгып турган, балдар үчүн "Кичинекей колхозчу" деген алиппеси 1932-жылы басылган, мектеп окуучуларына арналган эки бөлүктөн турган "Окуу китеби" 3 жолу, "Сабаттуу колхозчу" китеби 1933-1935-жылдары толуктоолор менен 7 жолу басылган, аялдар үчүн "Тунгуч" деп аталган окуу китебин (А.Шабданов менен бирге) жазган. Бул китептер азыркы күнгө чейин маанисин жоготкон жок, мисалы, аялдар үчүн жазган "Тунгуч" аттуу окуулугунда баланы багуу, баланын ден соолугун кароо, үй-жайды күтүү, социалисттик коомдогу аялдардын укуктары ж.б. оокат-тиричиликке, коомдук-саясий турмушка байланыштуу тексттер берилип, бир жагы ошол тексттер аркылуу келин-кыздардын сабатын ачуу милдетин аткарса, экинчи жагы аларды жаңы турмушка жана үй-бүлөгө даярдаган. Сабатсыздар үчүн, чала сабаттуулар үчүн деген да окуу китептерин жазган жана андан ошол мезгилдин жалпы өзгөчөлүгүн мыкты түшүнгөнүн көрөбүз. "Биздин мектеп" алиппесин (Э.Арабаев, Б.Курманов менен шериктеш) жазат. "Жаш эпкиндүүлөр" (1931), сабатсыздар жана чала сабаттуулар үчүн "Окуу китеби" (1932), "Алиппеден кийинки окуу китеби" (1934) дегендей алты жыл ичинде көптөгөн китептерди чыгарып, кыргыз мектептерин камсыздоодо, элдин сабатын жоюуда эбегейсиз эмгек сиңирген.
Сатыбалды Нааматов – жазуучу. Кыргыз адабиятындагы алгачкы чыгармаларды жазгандардын бири да Нааматов болгон. Изилдөөчүлөр Сыдык Карачевден кийинки прозаик катары эле анын атын аташат. "Эркин-Тоо" гезитинин 1926-жылдын 23-26-сентябрдагы санына "Студент жана анын сүйгөнү" деген сатиралык мүнөздөгү аңгемеси басылат. 1929-жылы "Жөжөлөр. Молдо Сасык" деген китеби чыгат. 28 беттен турган бул китептеги эки аңгеме тестиер балдарга арналган жана жаныбарлар дүйнөсүнө кайрылып, аллегориялык маани-мазмун берүүгө аракет кылат. 1930-жылы "Тынымкан" аттуу аңгемеси өзүнчө китеп катары басылган, анын башкы идеясы жаңы заман темасы, аялдар эркиндиги болгон. 1927-1929-жылдарда "Ким жазыктуу", "Орундалбаган тилек", "Капар болуш", "Дасторкондун ээси менен малдын ээси достошту" деген аңгемелери жарыяланат. "Жаңы маданият жолунда" журналынын бир нече сандарына "Барса келбес сапар" деген повести жарыяланып, бирок анын баш жагы басылган журналдын 3-4-саны Москвада да, Фрунзеде да сакталып калбаганын ошол жылдардын адабиятын терең изилдеген Абдыганы Эркебаев билдирет. Бул чыгарма бүтпөй калган деп да айтылат. "Жаңы маданият жолунда" журналынын 1928-жылдагы санына "Түштүктөгү жер төңкөрүшү" поэмасы, кийинки жылдагы санына "Алай" деген ыры жана ошол эле жылы "Аял" деген жалпы аталыштагы ырлар түрмөгү жарыяланган. "Шексиз тилек" деген комедиясы (аңгеме деп да аталып жүрөт) деп да жазылган экен, бирок анын тексти табыла элек. Айрым чыгармаларга ("Ленин тууралуу", "Эрксиз күндөрдө") рецензия да жазып, адабий сында да орду болгон. Эпкин, Сатыбалды деген псевдонимдер менен да чыгармаларды жазып турган. Ал кыргыз публицистикасынын да башатында, анткени өзүнүн чыгармачылыгындагы аз гана мезгилинде кыргыз мектептерин кыдырып көрүп, билим берүүнүн проблемалары, эне тилин окутуунун көйгөйлөрү, мугалимдердин кадыр-баркы тууралуу макалаларын жазып, мезгилдүү басма сөзгө жарыялап келген.
Кыргыз тилин окутуу методикасы илиминин негиз салуучусу. Ал окуу китептерин жазуу менен бирге али окутуу усулдарын билбеген мугалимдер үчүн үйрөтүүчү, бул же тигил темаларды окутуунун жолдорун, ыкмаларын айтып берүүчү эмгектерин жазган. "Кичинекей колхозчу" алиппесин окутуу" (1932), "Тилибиздин методикасынан" (1932), "Анык политехникалашкан мектеп үчүн күрөшүү" (1932), "Балдар алиппесин окутуу" (1933), "Балдар алиппесинин метод каты" (1934), "Башталгыч мектептер үчүн кыргыз тилинин метод көрсөткүчү" (1935) деген усулдук эмгектери кыргыз тилин, кыргыз адабиятын окутуу илиминин башатында тургандыгын кийин бул тармактын тарыхын изилдеп докторлук диссертациясын жазган Аскар Осмонкулов, Назаркул Ишекеев баса белгилеген. Окутуу методикасынан таптакыр түшүнүгү жок мугалимдер үчүн Эл агартуу комиссариатында мектептер башкармалыгында башталгыч класстар жана эни тили боюнча жетектөөчү адис-методист катары иштеп турган кезде 4-класста окуткан мугалимдер үчүн "Көп ээлүү бирикме сүйлөм", "Каратма сөздү окутуу", "Грамматикалык текшерүү", 3-класста окуткан эне тили мугалимдерине арналган "Сүйлөмдүн ээ, баяндоочун окутуу", "Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүн окутуу" деген темаларда материалдарын буклет формасында чыгарып, көп нускада бастырып, мектептерге жеткирген. Биринчи жолу Фрунзе педтехникумда "Кыргыз тилин окутуунун методикасы" деген предмет киргизип, ал курстун отуз сааттык программасын өзү түзүп, өзү окуткан. Демек, XX кылымдын 30-жылдарындагы эне тилинен билим берген биринчи муундагы мугалимдер Сатыбалды Нааматовдун методикасына негизделген теориялык жана практикалык билимдерге жана ыктарга ээ болгон.
Котормочулугу. Сатыбалды Нааматов орус тилин жетик өздөштүрүп алгандыгы анын котормочулук өнөрүнөн өзгөчө билинет. М.Горькийдин "Егор Булычев жана башкалар" пьесасын, Д.Фурмановдун "Козголоң" романын, М.Шолоховдун "Тынч Дон" романын, Н.Гоголдун "Текшерүүчү" пьесасын, казакчадан "Шернияз" драмасын кыргыз тилине которгон. Ушунча ишти убактысы ушунча тар болсо да бүтүрүп жүргөнүнө таң каласың...
Зайыбы. Салима Алексеева кыргыздын эң алгачкы акушер-гинеколог врачы болгон. Үркүндө жетим калган кызды орус улутундагы бирөөлөр багып алат да, өздөрүнүн Алексеева деген фамилиясын берет. Москвадагы медициналык окуу жайын бүткөн соң көп жылдар бою Фрунзе шаарындагы №1 төрөт үйүндө иштеген. Күйөөсүнөн 22 жашында калып, өмүр бүт күтүү менен өттү. Атасы камалганда кызы Үмүт беш жашта эле, ал күндү элес-булас билет.
Касым Тыныстанов менен идеялаш болгон. Агартуучулук ишмердүүлүгү, латын арибин колдоо, окуу китептерин жазуу жагынан анын идеялашы Касым Тыныстанов эле. Экөө биргелешип иштегенин да билебиз. Тыныстановдун демилгеси менен жазылып, кийин анын камалышына себеп болгон "Академия кечелери" аттуу пьесалар түрмөгүнүн Үркүнгө арналган бөлүмүн (балким "Он алтынчы жыл" деп аталган пьесасы) ушул Сатыбалды Нааматов жазгандыгы айтылып жүрөт. Дал ошол Касым Тыныстанов менен пикирлеш жана авторлош болгону үчүн Эл агартуу комиссариатынын 1935-жылдын 17-марттагы №90 буйругу менен бир катар окуу китептери пайдалануудан чыгарылат. Эл агартуу комиссары Осмонкул Алиевдин №152 буйругу менен 1937-жылы 10-августта пединституттагы кызматынан улутчул жана тыныстановчу катары айдалат. 1937-жылы "Социал-Туран" партиясынын мүчөсү, окуу китептерине революцияга каршы идеяларды киргизген, Касым Тыныстановдун жолун жолдоочу, түбү бийдин баласы дегендей айыптар тагылып, 26-сентябрда камакка алынган жана камакта 141 күн жатып, 1938-жылы 10-февралда атууга өкүм чыгарылган. Атылган жери (Фрунзе шаары деп айтылат) жана сөөгү кайда жайланганы белгисиз. 1956-жылдын 26-февралында толук акталган.
Атын эскерүү. Сатыбалды Нааматовдун эмгектери өз учурунда эскерилбей калган. Бирок анын өткөн кылымдын 30-жылдарындагы окуу китептериндеги идеялар, эрежелер жана мисалдар китептен китепке көчүрүлүп жүрө берген. Дагы жазгандарынын бир тобун ошол кездеги атайын кызматтар үйүнөн жана архивдерден жок кылган сыяктанат. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу педагог-профессор Эсенбек Мамбетакунов, жазуучу-изилдөөчү Ысмайыл Кадыров, профессор Салижан Жигитов, академик Абдыганы Эркебаев, окутуучу Гүлзат Үсөналиева, илимпоз Өмүркул Өмүрзаков жазган. 2009-жылы 16-февралда ысымы Нарын мамлекеттик университетине ыйгарылган.