Кыргызстандын жарандарынын саны 1 350 адамга көбөйдү

Кыргыз жарандыгын алгандардын көбү этникалык кыргыздар экени белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 1 507 адам (1 173 чоңдор жана 334 балдар) Кыргызстандын атуулу болуп катталды. Алардын көбүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөрү белгиленген.
Ошол эле учурда 157 адам (128 чоңдор жана 46 балдар) КР жарандыгынан чыгарылган.
500 миң доллар салган инвесторго кыргыз жарандыгын берүү мыйзамы демилгеленди