Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина үчүн ленд-лиз АКШнын Европадагы саясатын кыйратат

Америкалык ленд-лиз, европалык "дрондор" жана Варшава келишими менен мураска калган ок өтпөс эски техника согуш майданында Украинанын жоготууларын гана арбытары бышык.
Sputnik
Батыштын Россия менен башкалардын колу аркылуу согушуу аракетинен майнап чыкпайт. Тарыхта андай учурлар арбын экенин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Днепропетровскинин жака-белинде 10-апрелде "Калибр" деңиз ракеталары менен киевдик режимге европалык өлкөлөрдүн биринен келген С-300 зениттик-ракеталык дивизионунун техникасы жашырылган жеринде кыйратылды.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Украина Куралдуу күчтөрүнүн ички курамынын 25 чакты өкүлү, төрт С-300 ракета атуучу орнотмолор жок кылынды. Ушундай эле түзүлүштөр Харьков облусундагы аэродромдо да талкаланганы маалым. Анткени алар көзгө дароо урунат.
Андан эки күн мурун эле Словакия Украина Куралдуу күчтөрүнө советтик үлгүдөгү С-300ПМУ зениттик-ракеталык комплексин берүү тууралуу кеп козгогон. Абадан коргонуу тутумдарынын комплекстери менен жабдуудан деле майнап чыкпаганын, словакиялык С-300дөр "чыгыш фронтунда" жайгаша турган районго чейин жетпей калганы айдан ачык. Украинага Батыш өнөктөштөрүнөн тартууга келген бардык куралдарынын ушундай эле жол менен "таш-талканы чыкты".
Европа биримдигиндеги өлкөлөргө европалык дипломатия башчысы Жозеп Боррелдин Киевге тез арада сураган куралдарын берүү чакырыгы кызматына жана Украинадагы кырдаалга дегеле ылайык келбейт. Бирок Европа биримдиги эбак НАТОнун структуралык бөлүгүнө айланып калган эмеспи. Ал эми дипломат Боррель мурда эле: "Бул жаңжал согуш талаасында жеңиши керек", - деп билдирбеди беле. Кеп төркүнү мында – украиналыктардын колу жана каны менен Батыштын Россияны жеңүү ниети.
АКШ сенаты 6-апрелде Украинага ленд-лиз боюнча курал жана аскердик техника менен жабдуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырган. Бул – 80 жылдан бери боло элек көрүнүш. Документ сенатка 19-январда эле берилгенин, өзү бир топ убакыт мурун даярдалганын белгилей кетели. Украина үчүн жаңы ленд-лиз – америкалыктардын НАТОнун чыгыш европалык өлкөлөрүндө аскердик техниканы топтоп, кийин украиналык аймактагы атайын операцияларды узак ай же жылдарга созуу максатында чек ара аркылуу жөнөтүү аракети.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы. Альянстын саммитине аскердик сереп
АКШнын Европадагы кызыкчылыктарын "башка байрак алдында" Россия менен тирешип коргоонун арты биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өздөрүн жок кылышы ыктымал. Россияга залал келтирүү үчүн Европаны сызга батырып же НАТОнун европалык өлкөлөрүн тактикалык өзөктүк соккуга калтыруу — жеткен акылсыздык.
Кадимки куралдарды пайдалануу менен жаңжалдын мөөнөтүнө карабастан мындан Батышта америкалык аскер-өнөр жай комплекси гана пайда табат. Украинада россиялык аскердик атайын операция башталгандан бери Lockheed Martin корпорациясынын акциялары 18 пайызга, Raytheon Technologies Corporation – 14%, General Dynamics – 12,5%га кымбаттаган. Украинаны курал менен жабдуу америкалык компанияларга кыйла көп киреше алып келүүдө. Анткен менен стратегиялык мааниде украиналык ленд-лиз – АКШнын утулушу.
Ленд-лиз болжол менен бир жылга эсептелген, ал эми АКШнын коопсуздук көйгөйү биротоло калат. Аскердик жаңжалдарда Вашингтондун түз кызыкдарлыгы планетада антиамерикалык маанайды күчөтүп, көп полярдык дүйнөнүн түптөлүшүн тездетет. Эч бир мамлекет Югославия, Ирак, Афганистан, Ливиянын кейпин кийип, жамааттык Батыштын ач көздүгүнүн кезектеги курмандыгы болгусу келбейт.
Экинчи жагынан америкалык аскер-өнөр жай комплекси украиналык армия менен шайкеш келбейт. Натолук стандарттагы татаал куралдарды (ок өтпөс техника, учак, орточо аралыкта абадан коргонуу комплекстери) пайдаланууну өздөштүрүү үчүн адистерге бир топ ай керек. Киевдик режимдин анчалык убактысы жок. Дал ошол себептен АКШ Украина Куралдуу күчтөрүнө Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн "советтик" танк, артиллерия жана авиациянын берилишине ортомчу болууда.
Украина Батыштан жүздөгөн заманбап учак, танк жана өзү жүрүүчү гаубицаларды талап кылганы менен мурда пайдаланылган ондогон гана бирдиктерди алууда. Мисалы, Австралия 20 "Бушмастер" ок өтпөс транспортерун берди. Польша менен Кипр, кыязы, Украина Куралдуу күчтөрүнө Т-72М танкын, МиГ-29 учактарын, "Бук" жана "Тор" зениттик-ракеталык комплекстерин беришмекчи.
Словакия Украинага өзү колдонгон дөңгөлөктүү Zuzana артиллериялык тутумун сатууга даяр, анын аналогдорунан 26 бирдикти Украина Куралдуу күчтөрү мурда сатып алган. Улуу Британия да Украинага 500 млн долларга аскердик техника жана насыялар менен көмөктөшүүгө сөз берген. Британиялык премьер Борис Жонсон 10-апрелде Лондон Киевге Starstreak ракеталарын, танкка каршы 300 ракета жана ок-дары, ошондой эле түнкүсүн мээлөөчү жабдык, ок өткөрбөс чарайна жана туулга берилерин айтты. Анткен менен Британия азырынча "өлүмгө кептөөчү" куралдар, анын ичинде AS-90 өзү жүрүүчү гаубицалары менен жабдый турганын жарыялап гана келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европаны биротоло каратып алгысы бар АКШга Россия жолтоо болууда. Сереп
Эгерде немец өкмөтү жактырса, германиялык Rheinmetall концерни июнь айында кызматын өтөп бүткөн Leopard 1 танкынан 50 бирдик жана 60 даана Marder пехота машинасын киевдик режимге бермекчи. 100 чакты өзү жүрүүчү PzH-2000 артиллериялык түзүлүшүнүн Киевге келиши 2024-жылдын экинчи жарымына барат.
Британия ошондой эле өзүнүн эски Harpoon кемеге каршы коргонуучу ракеталарын берүүнү убадалайт. Анткен менен кеме, радиолокациялык тутумдары, аларды пайдалануучу адистер жок. "Чыгыш фронтко" берилчү 110 америкалык Switchblade дрон-камикадзеси деле жагдайды өзгөртө албайт. Эски, кээде жаңы кымбат куралдарды берүү менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскердик күчүнө күч кошпостон, тек гана украиналык аскерлердин көп шейит болушуна алып келет.
Россиялык күчтөрдүн абадан соккулары батыштык да, "советтик" да куралдардын Украинадагы түйүнүнө жетишине жол бербейт. Атайын операциялар башталгандан тарта Россия Куралдуу күчтөрү 2050 украиналык танк, ок өткөрбөс машинаны жок кылды.
Кол куурчакка айланган киевдик режимди акыркы украиналык калганча согушууга мажбурлап жатышкандай. Ошол эле учурда Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн аскердик туруктуулугун ойлогон жан жок, жалгыз көздөгөндөрү – Россия армиясын шайын оодарып, РФти алсыратуу. Бул үчүн кезегинде Украинаны "майдандаштыруу" жана улутчулдукка бурууга миллиарддаган долларларды чачышкан.
Эми Украинаны АКШ менен НАТО да технологиялык жактан даяр эмес "согушту жеңүүгө" мажбурлап жатышат. Батыштын эски курал-жарак менен жабдуусу, америкалык ленд-лиз аскердик артыкчылыкты да, "экинчи фронтту" да камсыздагандын ордуна Донбасс жана андан ары Украина Куралдуу күчтөрүн талкаланышын шарттай берет.
2020-жылдын декабрында эле америкалыктар: "Путин Россиянын Америкага каршы гибриддик согушунда утат", – дешкен. Россия Федерациялык кеңешинин вице-спикери Константин Косачевдин баамында киевдик режим жамааттык Батыш тарабынан украиналык "гүлдөгөн демократиянын" түзүлүшүнө баелук менен ынанат.
Украинадагы тынчтык жана туруктуулук Россиянын улуттук кызыкчылыктарын эске албастан антироссиялык тышкы башкаруу жана мажбурлоо менен дерусификациялоо шартынде дегеле мүмкүн эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
АКШнын Украинадагы биолабораториялары: максаты, каржылоосу жана Байдендердин изи