Акылбек Жапаров казинолор ачылса бюджетке жылына 2 млрд. сом түшөрүн болжоду

Өкмөт башчы казиного бир кыргызстандык кире турган болсо, аны иштеткен компания жабыла турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда кумарканаларды ачууну колдоп, андан бюджетке жылына 2 миллиард сомдой түшөрүн болжоду.
Ал туризмди өнүктүрүү максатында ушундай кадамга барып жатышканын белгиледи.
"Туризмди өнүктүргүлө" дедиңер, өнүктүрүп жатабыз. Биз 2001-жылы кумарканаларга уруксат бергенде бир жылда 630 миллион сом түшкөн. Азыр мындан эки-үч, балким, төрт эсе көп түшөбү деп ойлоп жатабыз. Кумарканада кыргызстандыктар ойнобойт. Эгер бирөө кирип ойной турган болсо ачкан компаниянын лицензиясы алынып, Кыргызстандан чыгарылат. Биздин жарандар, балдар азгырылбасын деп катуу бөгөт коёбуз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал ислам өлкөсү болуп саналган Малайзияда дагы кумаркана бар экенин мисал келтирди.
"Конокторду чакырып, алардын көңүлүн алып анан кайра кетириш керек. Туризм деген ошол да. Кыргызстанга келип 10 күн көзү ачылбай ичип шайтанга жетеленип кайра кете бергенден көрө ойносун, эс алсын. Биз ошолордун баарына шарт түзүп берели", — деди өкмөт башчы.
Белгилей кетсек, Экономика жана коммерция министрлиги өлкөдө кумарканаларды ачууга уруксат берүүнү демилгелеп, коомдук талкууга чыгарган.
Былтыр дагы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастан Жумабеков Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Мамлекет башчы Садыр Жапаров дагы бул идеяны колдой турганын билдирген. Бирок каршы чыккандар дагы болуп, талаш жаралган. Аталган демилге ЖКда биринчи окуудан өтүп, кийин ошол бойдон каралган эмес.
500 миң доллар салган инвесторго кыргыз жарандыгын берүү мыйзамы демилгеленди