16 жашында театрдын босогосун аттаган. Сабира Күмүшалиеванын сүрөттөрү

Бүгүн белгилүү сахна жана кино чебери, Кыргыз ССРинин эл артисти, КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиеванын туулган күнү.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Сабира Күмүшалиева үй-бүлөдөгү жалгыз кыз эле. 1917-жылы 19-мартта жарыкка келген. Мектепти аяктаган соң педагогикалык институттун даярдоо курсунан өтүп, борбор калаадагы башталгыч класстын окуучуларына сабак берип эмгек жолун баштаган. Сентябрда окуу башталышы менен Абдылас Малдыбаев ал мектепке концерт коюп келип, жаш кызды театрга чакырган. 16 жаштагы Күмүшалиева азыркы Кыргыз мамлекеттик академиялык театрына келип "Карачач" драмасындагы Карачачтын ролун аткарган. Ошентип актёрдук билими жок эле театрдын босогосун аттап, өмүрүн сахнага арнаган.
СССРдин эл артисти жалпы 70 жылдай чыгармачылык менен алектенип, театрда 100дөн ашык образ жаратып, кинодо 30дан ашык тасмага тартылган.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл артисти, залкар актрисанын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
1 / 14

СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева "Ак кеме" тасмасында Карыз таененин образында

2 / 14

Топтошкон элдин ортосунда отурган КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. "Караш-Караш окуясы" тасмасы, 1967-жыл

3 / 14

Актриса Сабира Күмүшалиева менен актёр Асанкул Куттубаев, 1975-жыл

4 / 14

СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Сабира Күмүшалиева. Ысык-Көл, 1972-жыл

5 / 14

Режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кемесиндеги" Карыз эне

6 / 14

"Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасын тартуу учуру

7 / 14

Кыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев

8 / 14

СССРдин эл артисти "Ак куулар конгон айдың көл" кинокартинасында

9 / 14

Атактуу актриса Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, төкмө акын Эстебес Турсуналиев замандаштары менен. Фрунзе шаары, 1980-жыл

10 / 14

КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева кыргыз киночуларынын бир топ тасмаларына катышкан

11 / 14

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисалары: Тынара Абдразаева, Сабира Күмүшалиева, Шайыр Касымалиева

12 / 14

СССРдин эл артисттери Сабира Күмүшалиева, Сайра Кийизбаева жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова. Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съезди

13 / 14

Кыргыз театры менен киносунун жылдыздары: Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов

14 / 14

Кыргыз театр жана кино өнөрүнүн легендасы Муратбек Рыскулов Сабира апанын өмүрлүк жубайы болгон. Эки талант 38 жыл чогуу өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн

Тема боюнча:
Дооронбек Садырбаевдин доору... Сүрөттө калган ирмемдер
Тасма тартуу үчүн үйүн күрөөгө да койгон. Эрнест Абдыжапаровдун сүрөттөрү
Кайгылуу ырлардын рыцары 64 жашта. Асылбек Өзүбековдун сүрөттөрү
Бопуш, Саяк, Саякбай болуп жашай берет. Марат Жантелиев 61 жашка чыкмак...
Көч көрктүү болсун! Кыргыздардын 150 жыл мурунку турмушунан сүрөт баян