БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Эльвира Сурабалдиевага Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырды.
Ал 27-февралда өткөн шайлоодо Биринчи май округунан утуп чыккан. БШК бүгүн Сурабалдиевага кызматтык күбөлүгү менен төш белгисин тапшырды.
Ал эми Свердлов шайлоо округунан жеңүүчү аныктала элек. Боршайком эң көп добуш алган Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап жеңишин жокко чыгарган. Талапкер бул чечимге макул болбой, сотко кайрылды.