Сергей Савчук
Океан ар жагындагы атомчулар тармактардын көпчүлүгүн жана кооперация чынжырын да каптап келе жаткан санкциялык толкунга катуу тынчсызданууда. Россия менен Украинанын ортосундагы куралдуу жаңжалга карабастан россиялык уран жана байытылган отундун рыноктук баасы кыйла арзандыгы менен өзүнө тартып турат.
Эң оболу бул калк жана өнөр жай үчүн электр кубатынын акысын жогорулатпоого мүмкүндүк берет. Ал жактагы энергетиктердики да туура, анткени чындап эле жагдай ушундай. Бирок абалды таасын сүрөттөө үчүн Батыш маалымат каражаттарында айтылбаган бир нече фактыны келтирели.
Кошмо Штаттар — атомдук генерация объектилеринин саны боюнча айныгыс лидер. Бүгүнкү күндө жалпы орнотмо кубаттуулугу 96,5 гигаватты түзгөн 88 реактор иштейт. Саны бир топ абройлуу түр көрсөтөт, бирок тармак азыр кыйын кезеңге тушугуп турган убагы.
Америкалык реактордук парк көлөмдүү, анткен менен эскилиги жетип калды. Профилдик курулуш дүркүрөп турган маал өткөн кылымдын 60-70-жылдарына туура келет. Ошол учурда 60 реактор жасалып, бөлүштүрүүчү түйүндөргө туташтырылган. Бул азыркы көлөмдүн үчтөн экиси эле. Мындай көрсөткүч электр кубатын өндүрүүнү өргө сүйрөп, турмуш-тиричилик жана өнөр жайды камсыздап турган. Андан тышкары, бул кезегинде атомдук да, эриш-аркак тармактарда да жумуш орундарынын санын эселеп өстүрүүгө мүмкүндүк берген.
Бирок убакыт учкан куш экен, жыл тургай кылым алмашып, Американын бир кездеги көзгө басар тармагы билинбей эскирип барат. Эки жыл мурун эле америкалыктарда реакторлордун саны 94 болчу. Ушул кыска убакыт аралыгында алты реактор жарактан чыккан.
Реактордук парктын эскилиги жеткени өндүрүш милдеттерин жоюп жибере албайт, ошондуктан америкалык энергетиктер улам көлөмдү көбөйтүп отуруп, азыркы абалга жеткиришкен. Жалпы 96 гигаваттан ашуун кубаттуулук менен жергиликтүү атомчулар жылына 790 гигаватт-саат электр кубатын өндүрөт. Бул мамлекеттик энергетикалык баланстын туура жыйырма пайызын түзөт.
АКШдагы жай турмушка керектелчү атомдун негизиндеги өндүрүш ондогон жылдар бою эч өзгөрүүсүз келгени – анча байкалбас, бирок маани бере турган жагдай. Эгер энергетикалык блоктордун саны тынымсыз азайып, ал эми өндүрүш өсө бере турган болсо, орточо курагы 40 жылдан ашкан өндүрүштүк инфраструктурага бир топ күч келет.
Процесстин маңызын түшүнүү үчүн элестүү салыштырып көрөлү. Мисалы, үйдө мурда атаңыз күнүнө үч маал чай кайнатып ичкен чайнек бар дейли. Эми ал күнү-түнү мештин үстүндө туруп, болушунча суу кайнатат. Мында чайнекти кайнатууга кеткендей эле отун атомдук энергетикалык блокко да негизги милдетин аткаруу үчүн зарыл. Албетте, мында кеп байытылган уран туурасында.
Атомдук дымагы бар алдыңкы өлкөлөр дайым өз өлкөсүнүн энергетикасын коопсуз кылууга умтулуп келишкен. Кошмо Штаттар да алардын катарында. Мурдагы кылымдын 60-жылдары Вашингтон беш пайызга дейре байытылган уран-235 изотобун кайра иштетүүчү үч фабриканын, атап айтканда Теннесси штатындагы Oak Ridge, Кентуккидеги Paducah жана Огайодогу Portsmouth ишканаларынын курулушун каржылаган. Бул фабрикаларды радиоактивдүү металлдын оксиди менен жабдып турушкан. Ансыз энергетикалык блоктун өзөгүндө бөлүнүү реакциясынын жүрүшү мүмкүн эмес. Үч фабрика тең 30 жылдай тынымсыз иштеп берип, 1992-жылы үчөө тең бирдей жабылган. Ушул тапта Кошмо Штаттарда бул милдетти бир гана ишкана аткарат.
Нью-Мексико штатынын Eunice шаарчасындагы завод британиялык Urenco аттуу жеке компанияга таандык. Уран газ центрифугалары аркылуу байытылып, бирок өндүрүш кубаттуулугу — бөлүштүрүүчү иштердин 4,9 миллион бирдигин гана түзөт. Бул америкалык атомдук электр станцияларынын керектөөсүнүн беш пайызын гана жабат.
Urenco ишканасынын ушундай багыттагы эле дагы бир заводу Германияда бар. Westinghouse корпорациясы үчүн иштеп, бирок дээрлик 90 реакторду отун менен камсыздоого күчү жетпейт. Ошол себептен америкалыктар эзелтен бери эле бул тармакка зарыл нерсенин баарын сырттан сатып алат. Товардык урандын жарымы Казакстан, Россия жана Өзбекстандан алынса, мында негизги ролду Россия ойнойт. Анткени ал пайдалуу ресурстарга гана эмес, аларды байытуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ.
1993-жылдын февралында Москва жана Вашингтон ушул багытта эки тараптуу макулдашууга кол койгон. Анда Америка тарап өтө байытылган куралдык урандан 500 тонна сатып алары каралган. Бул россиялык кубаттуулукта төмөн байытылган отунга айлантылып, АКШга жөнөтүлүп турган. 2013-жылы мындай кызматташтык америкалыктардын демилгеси менен узартылат. Бирок көп өтпөй Крым жазы болуп, Вашингтон келишимден чыгып кеткен. Президент Обаманын администрациясы Россия менен кызматташууга тыюу салып, уранды байытуучу экинчи ишканасынын курулушун салтанаттуу түрдө жарыялаган эле. Россиядан түз сатып алууга тыюу салынганы менен Кошмо Штаттар үчүнчү өлкөлөрдөгү, атап айтканда Казакстан жана Өзбекстандан кен сатып алып, кылын кыйшайтпастан "ТВЭЛ" россиялык компаниясы менен өзүнчө келишимдерди түзгөн. Ал уранды байытып, отун таблеткаларын калыптап, Urenco заводуна жиберилген. Геосаясий “колдордун” эпчилдигин ушундан билиңиз, Кошмо Штаттар Россиядан түз албай, сатып алуу процесси Казакстанда жүргүзүлгөн. Байытылган соң отун юридикалык жактан баары бир казакстандык деп эсептелген.
Кылдат божомол кылып көрөлү. Энергетикалык каатчылык күч алып турганда АКШ өз энергетиктеринин россиялык уранга каршы санкцияларын киргизбеши мүмкүн. Бул өз жарандарына кам көрүү менен негизделет. Союздаштары жана америкалык коомчулукка бул чаралар баанын өсүшүн ооздуктоо үчүн багытталганын гана маалымдашат. Беркилер адатынча көңүлдөн тыш калып, ал эми шайлоочулар күздөгү шайлоонун алдында нааразылыгын басаңдатат.
Айтор, россиялык сырье жана отунсуз Европада гана эмес, Кошмо Штаттарда да ар бир бешинчи үй-бүлө жарыксыз калышы ыктымал. Муну баары түшүнүп турат. Жаздын алгачкы күнүндө россиялык транспорттук Ил-76 учагы "Моховце" атомдук электр станциясы үчүн Братиславга атайын каттам менен өзөктүк отун жеткирди. Словакия да РФке каршы санкцияларды колдогонун, россиялык бортторго аба мейкиндигин жапканын эстебей турган болсок, бул катардагы эле окуя. Бирок ушул окуядан байкалгандай, зарылдыгы чыкса Батыш көшөгөнү ачып коеру да ажеп эмес.
АКШнын айынан түштүк европалык газ хабына айлануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Болгария да жаңы атомдук электр станциясын куруу тууралуу ойлонуп туру. София коңшу Грецияга үлүшкө кирип, Болгариянын аймагындагы атомдук электр станциянын долбоорун каржылоону сунуштады. Буга Россиянын да тиешеси бар.
Болгарлар үнөмдөө максатында жаңы станцияда 800 миллион долларлык жабдыкты пайдаланууга белсенип турат. Аны мурда "Белене" атомдук электр станциясын куруу долбоорунун алкагында россиялык "Атомстройэкспорт" ишканасынан сатып алышкан. Вашингтондун кысымы менен бардык тендердик жол-жоболорду бузуу менен "Росатомдун" катышуусуна жол беришпей, Westinghouse менен келишим түзүүгө мажбур болушкан. Ал ишкана курулушту 2016-жылы баштап, 2021-жылы жаңы станцияны пайдаланууга берүүнү убада кылган. Азыр баарыбыз көрүп тургандай, курулуш иштери баштала да элек. Ошондуктан болгарлар кампадагы россиялык жабдууну пайдаланууну көздөп жатышат.
Жамааттык Батыш канчалык тырышпасын, Россияны санкциялар менен кыйратып кое аларына, ошону менен бирге эле өзүнүн ресурстук жана өндүрүштүк керектөөлөрүн камсыздай аларына баарын, эң оболу сиз менен бизди дегеле ынандыра албай келгени ырас.