Ушундай пикирдеги серепчи Елена Караева бул боюнча бир нече мисал келтирип, ойлорун да ортого салган. Анын ушул өңүттөгү макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Маэстро Валерий Гергиев Бавариянын борбор калаа башчысы тарабынан Мюнхен оркестринин башкы дирижёрлугунан бошотулду. Андан бир нече саат өтпөй опера ырчысы Анна Нетребконун ысымы Ла Скала театрынын март айындагы афишаларынан чийилди. Миландын аталган театры дүйнөдөгү мыкты сопрано үндүүлөрдүн бири "ооруп жатканын" айткан. Бирок опера жылдызы дароо: "Мен куландан соомун, бирок барбайм", – деп кабарлады.
Ошентип Батыш Россияны чектөөлөр менен экономикалык жактан, "агрессор", "сөз эркиндигин жана прогрессти муунтуучу" деген шылтоолор менен саясий багытта "жок кылуу" аракетине эми маданий багыт кошулду. Россиялык музыканттардын концерттерин токтотуп, кыл калемчилердин көргөзмөлөрүн жылдырып, ал тургай "империялык духту" даңазалаган орус адабиятын, анын ичинде Лев Толстойду жана анын "Согуш жана тынчтык" романын да атап, четке түртүү башталгандай.
Орус маданиятын жок кылууга буйрук берилгендей тейде бир топ чараларды көрүштү. Вена филармониялык оркестринин концерттеринде да Валерий Гергиев дирижёр катары катышмак, Нью-Йорктогу Карнеги-холл аны да катыштырбай, пианист Денис Мацуевдин атын да афишадан чийди. Себеби так аталбаганы менен басма сөз, анын ичинде "Нью-Йорк таймс" айтылуу концерттик залдын жетекчилиги жана көзөмөл кеңеши "ушундай кырдаалда маэстро Гергиевдин концерттерге катышуусу туура эмес кабылданып, коомдо да натуура ойду жаратышы ыктымал" деп чочулаганын жазып чыкты. Кыязы дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал дирижёрдон россиялык-украиналык каатчылыкка байланыштуу позициясын ачык билдирүүнү талап кылышкан сыяктуу. Белгилүү пианист Мацуевге да ушундай эле сунушталганын да боолголоого болот. Алардын ордуна дароо киши табылганына караганда алардын буга кандай жооп кайтарарынан да Нью-Йорктогулар шек санашпаса керек.
Россияга каршы коалиция боюнча улуу өнөктөшүнөн Европа да кем калышпайт. Дароо эки калаанын – Италиянын Милан жана Бавариянын Мюнхенинин мэрлери да дирижёр Гергиевдин дарегине ушундай эле талаптарды коюп, "маэстро Путинге кандай карары жана анын чечимдерин жактар-жактабасы тууралуу" деп сылык айтылганы менен Европа жана АКШда иштөө мүмкүнчүлүгүн сактап калуу үчүн эл алдында Мекенин танууну өтүнүшкөн.
Ушундай масштабдагы өнөрпоздордун сахнага чыгышына бөгөт коюлуп жатса, демек, алар каалаганын четтетип сала алары айдан ачык. Тилекке каршы, ушул өңдүү көрүнүштөрдүн баары "коркунучтуу жана тоталитардык СССРде" болуп жаткан жери жок. Чындап эле жарым кылымдан ашуун мезгил мурунку ошол доордо концерт коюу, репертуар тандоо, чакырган жериңе барып ырдоо, дегеле сахнада өзүң туура санаган нерселерди чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калуу көз ачып-жумганчалык иш эле.
Эркиндик менен укуктун болгон түрү менен төш каккан Батыштын: "Ким биз тарапта болбосо, бизге душман!" деген тейдеги жосундарына күбө болуп турабыз. Мындай нерсе марксизм-ленинизм жана капиталисттик либерализм маданий майданда да күч сынашкан "эки идеологиянын тирешкен заманында" да болгон эмес. Ал убакта партбилет көтөрүп, коммунисттик режимге берилген кайталангыс таланты бар виртуоз Давид Ойстрах, скрипканы укмуштай авазга салган Леонид Коган чакырган жерлердин баарын кыдырып, дүйнөгө концерттерин каалашынча берген. Ошол маалда да алардан кем калышпаган белдүү бийчилердин эч биринен батыш сахнасына чыгуу үчүн либералдык баалуулуктарга таазим этүүнү эч ким талап кылган эмес. Мындай нерселер эмне менен аяктаары белгилүү эмеспи. Европалык гуманисттик философия дээрлик бүтүндөй Дантенин "Ажайып комедиясынан" чыккан. Өз идеяларына берилген залкар акын саткындарды тегин жерден тозоктун тогуз айлампасына салбагандыр. Орус маданияты да, италиялык Ренессанс да бирдей белгилегендей, керт башынын жыргалчылыгы үчүн өз ишенимин сатуу күнөөгө батырып, үрөй учурган кесепеттерге кептеши мүмкүн.
Маэстро Гергиев алдына сунулган артыкчылыктарга азгырылбаган мүнөзү менен үлгү, Европага нагыз европалык да, чыныгы орус духун да көрсөтүүдө. Кезеги келгенде ага Европа жана анын маданий чөйрөсү, Россия жана анын маданияты катуу сүрөөнгө алары айкын!