Өнөр жай, соода, банк тармагы жабыр тарта турганы айтылып жатат. Энергетиктер да аша чаппоого чакырышууда: бардык аракетке карабай россиялык газга дагы деле альтернатива табыла элек. Көз карандылык эмнеге мынча күч жана ЕБдин мындай саясий оюндарды ойноого чама-чаркы жетеби? Кырдаалды талдаган макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Чабал кадам
Вашингтон менен Брюссель Москваны SWIFT банктар аралык байланыш системасынан чыгарып, ири насыялык уюмдар үчүн финансы рыногун жаап, Эл аралык валюта фондунун каражатына мораторий жарыялайбыз деп катуу коркутуп жатат. Улуу Британия мунун баарын мыйзам менен бекитип даярдык көрдү — абал курчуп кетсе, Лондон каалаган кишиси менен каалаган компаниясына дароо чектөө киргизип коё алат.
Ошол эле учурда Батыштын экономисттери мындай катаал жагдай Евробиримдик үчүн кандай сокку болорун европалыктардын өзүлөрү жакшы түшүнө албай жатат дешүүдө. Financial Times Москванын колунда күчтүү көзүр бар экенин жазды. Зарыл учурда аларды пайдаланат, мисалы, газдын көлөмүн кыскартып коёт.
Улуу Британия отундун жарымынан көбүн Норвегия, Катар жана Россиядан импорттойт. Financial Times тарабынан сурамжыланган аналитиктер 2030-жылга чейин бул көрсөткүч 70, 2040-жылы 80 пайызга чейин жогорулайт деп жатышат. Ал эми 2050-жылы Түндүк деңизден өзүлөрү өндүргөн отун ички керектөөнүн 15 гана пайызын жабат деген божомол бар.
Ушул акыбалы менен Европа кайсы санкциялар тууралуу сөз кыла алат? Энергетика тармагында да көз карандылыгы күч. Жаратылыш газынын 46 пайызын Россиядан алат. Соода жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк менен байланышкан тобокелчиликтерден коргоо боюнча адистешкен эл аралык COFACE компаниясынын маалыматы боюнча ЕБдин рестрикцияларын дал ушул себептен "курал" деп эсептөөгө болбойт.
Нефть боюнча деле жагдай ушул сыяктуу. COFACE көрсөткөндөй, чектөөнүн баары алардын багытынын өзгөрүшүнө алып келет. Бул өз кезегинде бааны жогорулатып, жүк ташуу рыногуна кесепетин тийгизет. Борбордук жана Чыгыш Европадагы "Дружба — Юг" жана "Одесса — Броды — Плок" нефтини кайра иштетүүчү заводдорун камсыздаган Украинанын түтүктөрү жакшы иштебей токтоп калышы мүмкүн.
Бардык жагынан
Кеп энергетикада эле эмес. Россия — алюминий (глобалдуу рыноктун 6 пайызы) менен жездин (10 пайызга чукул) ири өндүрүүчүсү. Сырьё кризиси менен бирге дүйнөнү өнөр жай металлдарынын таңсыктыгы да каптоодо. Лондон биржасында спорттук келишимдер кымбаттап жатат. Трейдерлер товарын эртерээк колуна алышы үчүн сый акы да берүүгө даяр.
"Учурда кырдаал өтө опурталдуу, — дейт Goldman Sachs аналитиги Николас Сноудон. — Сунуш суроо-талапты дээрлик шарттабай калды".
Бул акыркы эки жылдагы локдаундар менен логистиканын үзгүлтүккө учурашынын оор кесепети.
Негизги товар биржасында жездин кору 400 миң тоннанын гана тегерегинде, бул бир жумага да жетпейт. Алюминий деле түгөнүп бара жатат: Европа менен Кытайдагы металлургиялык заводдор отун чыгымы өсүп жаткандыктан өндүрүштү кыскартууга аргасыз.
"Русал" компаниясынын божомолу боюнча 2022-жылы алюминийдин дефицити 1,6-1,7 тоннаны түзүшү мүмкүн. COFACE эскерткендей, сунуш чектелиши толук ыктымал.
Мындан тышкары, Россия машина курууда зарыл болгон палладийдин 40 пайызы, аэрокосмостук өнөр жайда колдонулчу титандын үчтөн бир бөлүгү менен камсыздайт. Бул металлга Airbus менен Boeing муктаж. Financial Times жазгандай, жаңы санкциялар кире турган болсо Россиядагы BP, Total жана Shell сыяктуу биргелешкен ири нефть гиганттары кыйрап Европа экономикасына эбегейсиз дагы бир сокку урулат.
Москваны эл аралык төлөм системаларынан четтетүү же долларга жеткиликтүүлүгүн чектөөнүн да арты жакшы болбойт. Европадагы европалык контрагенттер жабыр тартат. Ал эми Россия — ЕБ үчүн көлөмү жагынан бешинчи катарда турган экспорттук рынок.
Ошол эле басылма эгер россиялык юридикалык тараптардын эсебиндеги суммалар тоңдурула турган болсо, банктар жоготууга учураарын жазды. Анткени Россиянын Евробиримдиктин насыялык уюмдарына корпоративдик карызы 60 миллиард доллардын тегерегинде, бул америкалыктарга болгон карыздан дээрлик төрт эсе көп.
Демек, ЕБдин чектөөлөргө карата даярдыгы Москвага караганда бир топ начар.
Альтернатива жок
Ал арада АКШ Евробиримдикке суюлтулган газды рекорддук көлөмдө жеткирүүдө. Мындан тышкары, Вашингтон башка мамлекеттерди европалыктарга газ жагынан жардам берүүгө үндөп келет. Эки жума мурун ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель айткандай, маршруттарды жана импорт булагын диверсификациялоо кажет. Ушундан улам Брюссель Катар, Азербайжан жана Алжир менен ымала түзүүдө.
"Жардам берчүлөрдүн" тизмесинде ойго келбеген мамлекеттер да бар. Мисалы, Украинага "кол салынгандан" кийин Европаны камсыздоого даярдыгын Япония билдирди. Бирок япондор буга чейин суюлтулган газды экспорттоп көргөн эмес, аны импорттоо боюнча лидер. Бул европалыктар үчүн энергиянын альтернативдүү булагын издеп жаткан америкалыктарга карата достук мамилени гана туюндурган кадам дейт экономист Мамдух Саламе.
"Европада россиялык газга эч кандай альтернатива жок, бул ачуу чындык", — деди BCS Global Markets компаниясынын нефть жана газ боюнча улук аналитиги Рональд Смит. Ал эми Capital Economics компаниясынын башкы экономисти Эндрю Кеннингемдин айтымында, эгер Россия менен Украина жаңжалдашып кете турган болсо газдын баасы декабрдагы чегине жетиши мүмкүн.
Дагы бир көйгөй бар. Европада суюлтулган газ инфраструктурасы аз. Аны куруу көп убакытты, кыйла каражатты талап кылат, негизи эле суюлтулган газ түтүктөн келчү газга альтернатива катары каралган эмес, айла жок дейт Total Energies компаниясынын жетекчиси Патрик Пуянне. Ал ушу тапта газ Россиядан улам гана баарына жетип жатканын белгилеген.
Азыр америкалыктар дагы мындай жамааттык аракеттин майнабы жок экенин моюндап жатышат. 2017-жылы энергоресурстардын рыногун 2050-жылга чейин иликтеп чыгып, АКШнын Энергетика министрлиги жакынкы 20 жыл аралыгында Европа россиялык сырьёсуз оокат кыла албай турганына ынанган.
Демек, Европа Москва менен алаканы жакшыртышы керек. Болбосо Bruegel борборунун аналитиктери болжогондой, жаңы кризис жаралышы мүмкүн. Ал эми андан чыгуу үчүн "татаал жана кымбат чечимдер" талап кылынып калат.