Назик, бирок кайраты тоого тең. 15 жаштагы Камила Валиеванын 15 сүрөтү

Sputnik россиялык фигуристтин муз үстүндө бийлеп жаткан кызыктуу ирмемдерин тартуулайт.
Sputnik
Камила Валиева Россиянын курама командасына кирип командалык турнирде Олимпиада чемпиону аталды. Бирок мурдагы допингге алынган үлгү боюнча чырдын айынан алиге чейин алтын медаль алгандарды сыйлоо аземи боло элек. Бул жааттагы "тагдыр чечкендердин" айтымында, спортчу кыздан тыюу салынган препарат табылган. Россиянын Олимпиада комитети тест алынгандан бери бир топ убакыт өтсө да жыйынтыгы айтылбай келгени олуттуу суроолорду жаратып жатканын айтты.
Допинг-тест алып текшерген эл аралык агенттик Валиевадан 2021-жылдын 25-декабрында триметазидин заты чыкканын билдирген эле. Тесттин жыйынтыгын Стокгольмдогу антидопинг лабораториясы 8-февралда берген.
1 / 15

Камила Валиева 2006-жылы 26-апрелде Казань шаарында туулган. Бул сүрөттө Челябинскиде өспүрүмдөр арасындагы турнирде Гран-при үчүн бийлеп жаткан учуру

2 / 15

Валиева — Коньки жарышы боюнча эл аралык союз (ISU) өткөргөн көркөмдөп муз тебүү боюнча кыска программада жалгыздап бийлеген категорияда тарыхта биринчи ирет 90, жалпылаганда 272 балл алган спортчу. Турин шаарында бийлеген учуру

3 / 15

Камиланы музга 3,5 жашында алып келишкен. Валиева Таллинде өткөн өспүрүмдөр арасындагы чемпионатта сыйлоо учурунда. Анда бул спортчу алтын медаль уткан

4 / 15

Камила Валиеванын Россиянын курама командасынын даярдыгын текшерүү учурунда бийлеп жаткан ирмеми. Москва шаары

5 / 15

Валиева — колун өйдө сунуп алып, татаалдашкан үч ирет аксель жасаган дүйнөдөгү бирден-бир фигурист

6 / 15

Камиланын Москвада өткөн Россия кубогунун II этабында жыгылып калган учуру

7 / 15

Камила Валиева жана анын машыктыруучулары Этери Тутберидзе, Даниил Глейхенгауз

8 / 15

Валиева жылдызы жанып келе жаткан, келечегинен көптү үмүттөндүргөн спортчу

9 / 15

Солдон оңго: Александра Трусова, Камила Валиева, Анна Щербакова. Кыздар Санкт-Петербург шаарында жалгыздап бийлөө боюнча чемпионатта сыйлоо учурунда

10 / 15

Камила Skate Canada 2021 жана Rostelecom Cup 2021деги Гран-принин, Finlandia Trophy 2021 турниринин "челленджер" сериясынын жеңүүчүсү, Россия чемпиону

11 / 15

Камила Валиева Санкт-Петербургда Россиянын көркөмдөп муз тебүү боюнча чемпионатынан кийин

12 / 15

Дем берип, сүрөп... Камила Валиева машыктыруучусу Этери Тутберидзе жана Сергей Дудаков менен. Өзгөчө ирмем Пекиндеги XXIV кышкы Олимпиада оюндары учурунда тартылган

13 / 15

Россиянын Олимпиада комитетинин курама командасынын капитаны Никита Кацалапов спортчу Камила Валиеванын Пекиндеги бийлеп чыккан учурунан кийин аны назик, бирок абдан күчтүү кыз деп атады

14 / 15

Камила Валиеванын Пекиндеги XXIV кышкы Олимпиада күндөрүндө машыгып жаткан ирмеми

15 / 15

Жакшынкай, жагымдуу, күчтүү спортчу. Камила Валиева Пекиндеги Олимпиадада муз үстүндө бийлеп жатат

Тема боюнча:
Суктанткан ирмемдер. Пекиндеги олимпиаданын ачылышынан 21 сүрөт
Өзгөндө тартылган аламан улак да бар. Эл аралык сынактын 18 сүрөтү
Ич өрттөнүп, жаш токтобой, бийлеп... Кыргызстандык спортчулардын эмоциясы сүрөттө