Батыштын саясатын илгиртпей сезип... Путиндин тактикасы

Батыш Владимир Путиндин аракеттеринин тактикасын түшүнө албайт. Эмне үчүн дал үч ай мурун Россия президенти НАТОнун Чыгышка карай кеңейүү ниетинен кайтуусун талап кылды? Украинаны атлантикалаштыруунун мүмкүн эместиги жөнүндөгү маселени кабыргасынан койгон себеби эмнеде?
Sputnik
Англосакстардын бул соболго так жообу жок, ошондуктан жоромолдорунун баарын, ал түгүл Россиянын Украинага "кол салышына" чейин ортого сала беришет деген пикирде Петр Акопов. Серепчинин ушундай ой учугун чубаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
"Орус агрессиясынын" тегерегиндеги былтыр жазда пропаганда катары башталган ызы-чуу ырбап отуруп, быйыл кышта албууттанган мүнөзгө өттү. Ал эми Путиндин ушул кырдаалда логикасы жана тактикасы айдан ачык. Путин Батышка каршы анын өзүнүн куралын пайдаланды. Батыш "коркунучтуу диктатор жана агрессор Путинди" ойлоп табуу менен алпурушканы кимге жашыруун?!
Англосакстар керт башынын кызыкчылыктары үчүн нечен жылдар бою Путинди дүйнөгө агрессор катары көрсөтүү далалатында. Буга бир катар себептер бар: Россияны түк түшүнбөй, аны менен эсептешүүдөн качуу, аны ооздуктоо саясаты... Бирок ар кыл себептердин айкалышынын эми кажети деле жок: англосакстар Путинге учурдун эң кооптуу адамы деген образды жаратышты. Ооба, бул пропагандалык образ, бирок аны жараткандар азыр батыш коомунун гана тургай, батыш саясий классынын да буга реакциясын көзөмөлдөй алышпайт. Анткени батыш истеблишментинин кыйла калың катмары өздөрү жараткан образга өздөрү ишене башташты. Алар Путинден баарын күтүүгө болот деген ойдо. Бул кырдаалда Путин душмандын дал ушундай талуу жерин пайдаланбай койгону туура болбостур.
Россия Батышты Украинадан чегинүүгө аргасыз кылууну көздөйт, башкача айтканда, орус дүйнөсү менен Батыштын чек араларын кайра карап чыгуу мүмкүн эместигине англосакстардын моюн сунушун талап кылат. Азырынча Украина Батыштын таасиринде калууда, бирок тарыхтын мындай убактылуу үзүмү бир элдин эки канаты менен өз алдынча бүтөлөт.
Украинанын альянска расмий түрдө кошулушуна батыштагылардын жан үрөгөн жери жок. Тескерисинче, андай аракет Россиянын каарын төктүрүп, толук кандуу жаңжалдын тутанышына алып келиши ыктымал экенин жакшы түшүнүшөт. Ошол эле учурда НАТОго аталган мамлекеттин кабыл алынбай турганына да эч кандай кепилдик бергиси жок. Анткени бул өлкөнү батыш багытына оодарууга бар күчүн жумшаган украиналык каймактарды оор күнгө кабылтары турулуу иш.
Эки бөлөк чечкиндүүлүк. Эки ири өлкөнүн аскердик машыгууларына сереп
Украина көзүрү россиялык-европалык алакаларга да, Россиянын европалык өлкөлөр менен өз ара байланышына да бөгөт коюу үчүн кызуу пайдаланууда. Англосакстар украиналык каатчылыкты басаңдатууга дегеле кызыкдар эмес. Алар муну Россияны ооздуктоо саясатында дагы көпкө чейин колдоно аларына ынанышат. Путин ушундай кырдаалда алар күткөндөй элес калтыруу үчүн тийиштүү жүрүштөрдү жасагандай.
Августта америкалыктардын Афганистандан чыгып кетиши АКШнын аброюна катуу доо кетирип, андан бери кардар-өлкөлөрүн тынчсыздандыра баштаган. Айрыкча Украина чочулай түшкөн.
Күзүндө Путин өз тактикасын улантып койду эле, Батыш дароо Россия чындап эле Украинага азыр кол салат деп чуу көтөрдү. "Орус коркунучу" деген маалыматтык кампания катуу ыргакта жүрдү. Анткен менен англосакстар украиналык багытта кандайдыр бир жылыш жасоого көңүлсүнбөйт.
Андан соң Путин кийинки кадамга барып, коопсуздук кепилдиктерин сунуштады. Андагы негизги талаптардын бири – Украинаны НАТОго кабыл алуудан баш тартуу. Декабрдын ортосунда "Путиндин ультиматумдары" келишим долбооруна камтылып, Батышка сунушталды. Мындан улам алар дүйнөнү "Путин согушка даяр болду" деп ынандырууга далбас урушту. Мындайда алар кандай чара көргөнү туура болмок? Кол салууну күткөнүбү? Кокус басып алса, анда Украинаны сактай албай калды деп айыпталмак. Же Россияга каршы "азаптуу санкция" салууга да эми мүмкүн эмес. Европа да андайга барбасы анык, бирок андан да кооптуусу – мындай кадам бүтүндөй дүйнөлүк каржылык тутумду катуу солгундатат.
Мындай шартта бир гана – Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү жолу калат. Эң оболу украиналык маселе боюнча реалдуу кепилдик берүү зарыл. Оозеки айтып коюу менен гана чектелген болбойт, себеби курулай сөзгө ал ишенбейт. Эл алдында баары катталышы маанилүү. Маселе ошондо тынчтык жолу менен чечилет.
Батыш Россияны кантип жазалоону ойлонуп жатат
АКШ Россиядан көз карандылыкка кабылдыбы? Ой толгоо