Пресс-борбор

Медициналык окуу жайда окуган чет элдиктер канча төлөп, акча кайда жумшалат?

2021-жылы Кыргызстанда медициналык факультетти 4 244 адам аяктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандын медициналык окуу жайларында билим алган чет элдик студенттер контракт үчүн 2-3 миң долларга чейин төлөшөт. Бул тууралуу президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова
Анын айтымында, Кыргызстандагы жаңы ачылган медициналык окуу жайлардын көбү биринчи кезекте бизнес катары түзүлгөн.
"Бир чет элдик студенттин окуу акысы 2-3 миң долларды түзөт. Анткен менен салык төлөөдө бул сумма эки эсе аз көрсөтүлөт. Башкача айтканда, эгер студент 3 миң доллар төлөсө, салык органдарына 1 000 доллар деп көрсөтүлөт. Бул акчанын баары окуу жайларда калат деп айтууга болбойт. Себеби студенттерди чет өлкөдөн алып келген агенттер бар. Акчанын абдан эле көп бөлүгү ошолордун чөнтөгүнө түшөт", — деди Муканова.
Республикада 22 медициналык окуу жай бар. Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жетекчисинин айтымында, медициналык окуу жайлардын көпчүлүгү эл аралык билим берүү аттестациялык комиссиясы тарабынан бааланбайт.
"Окуу жайлардын көптүгү атаандаштыкты жаратышы керек болчу. Тилекке каршы, андай болгон жок. Себеби саламаттык сактоо системасынын инфраструктурасы көп сандаган чет элдик студенттерди камтый албайт. 22 окуу жайдын алтоосунда гана өзүнүн клиникалык базасы бар. Калгандары дарылоо мекемелери менен келишим түзүшөт. Бирок текшерүүлөр студенттер практикадан өтпөгөнүн көрсөттү", — деди ал.
Муканованын айтымында, 2021-жылы Кыргызстанда медициналык факультетти 4 244 адам аяктаган.
"Үй алам деп сүйүнгөм". Ошто студенттерден пара алган деканга соттун өкүмү чыкты
Кыргызстандагы медициналык окуу жайларда канча чет элдик студент окуйт