Кар дагы жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Апта этегинде дагы кар жаай турганы айтылып, жолдор тайгак, тоңголок болору эскертилди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Апта аягында көпчүлүк жерлерде кар жаап, жолдор тайгак, тоңголок болушу ыктымал. Бишкекте 12-февраль күндүз жана 13-февраль түнкүсүн кар жаашы божомолдонду.

Чүй, Талас облустары

12-февраль, ишембиде Чүйдүн көпчүлүк аймактарына кар түшүп, абанын температурасы 1...6 градуска чейин суук болот. Ал эми 13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Таласта дагы 12-февралда кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы -1…+1 градуска төмөндөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

12-февралда түштүк аймактарда кар түшүүсү, кээ бир жерлерде кар катуу жаашы божомолдонууда. 13-февралда тоолорго жаайт. Ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 3...5 градусту көрсөтөт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көлдө 12-февраль күндүз жана 13-февраль түнкүсүн кар жаай турганы айтылды. Абанын температурасы -1...-6 градуска жетет. Ал эми Нарында ишемби, жекшембиде да кар жаай турганы божомолдонду. Сууктун күчү бул аймакта -1…-3 градус болушу ыктымал.
Унутпай сала жүрүңүз! Суукта айдоочуга керек болчу 5 буюм
Кар жаайт! Бир жумага карата аба ырайы