Невролог кандай керебетте уктоо ден соолукка зыянын тийгизерин эскертти

Адистин айтымында, туура эмес жатып уктоо омуртка ооруларына алып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Дайыма үйлөмө матраста жана керебетте жатып уктоо ден соолукка зыянын тийгизиши мүмкүн. Бул туурасында врач-невролог, мануалдык терапевт Павел Кокотов Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мындай шартта уктоо моюн жана бел ооруларына алып келиши ыктымал. Андыктан пружина коюлган матраста уктоо коопсуз болот.
Адам туура эмес жатып уктаса омурткалардын оорушуна же уйкунун бузулушуна кабылат.
"Башында жөн гана ыңгайсыз болот, кийинчерээк ал омуртка ооруларын пайда кылат. Ал эми уйкунун бузулушунан тынчсыздануу жана гормоналдык илдеттер жаралат", — деп эскертти Кокотов.
Ошондой эле ал үйлөмө матраста же керебетте кээде гана, мисалы, конокко барганда гана уктаса болорун кошумчалады.
Кучакташып жаткыла. Уйкусуздуктан арылуунун жолу аталды
Консерва организмге эмнеси менен коркунучтуу? Диетологдун эскертүүсү