Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Кабатыр болбой тургула. Садыр Жапаров чек арадагы окуя боюнча үн катты

Өлкө башчы чек арадагы чыр тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечиле турганын убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу менен коштолгон окуя тууралуу үн катты. Ал билдирүүсүн Facebook баракчасына чыгарды.

"Чек арада болуп жаткан окуялар толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса, баарын тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула", — деп жазган Жапаров.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Жоготуулар бар. Кыргызстан Тажикстанды чагымчылдыкка айыптады

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганын белгиледи.
Алардын миномёт колдонушу чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт. Бул Тажикстандын Чек ара кызматы Куралдуу күчтөрдүн күчүн жана каражаттарын колдонгонун көрсөтүп турары кошумчаланды.
Ал эми тажик тарап Сомониён айылынан жамаат Чоркухка бара жаткан тажикстандыктардын машинасын таш менен ургулашкандыктан чуу чыкканын айтууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Алимбаев жолугушуу өткөрүүдө, Головной менен Төрт-Көчөдө атышуулар угулуп жатат
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Чек ара кызматы: Тажикстан пилотсуз учактар боюнча маалыматты бурмалады