Инфляция апааты: АКШдагы баанын өсүшүнөн дүйнө жүзү жабыркайбы?

АКШда инфляция болуп көрбөгөндөй күч алды. Мындай учур акыркы 40 жылдан бери каттала элек болчу.
Sputnik
Учурдагы абал экономикага антикризистик деп эсептелген акча салуунун кесепетинен жаралды. Мунун азабын эми жалпы дүйнө эли тартат, бирок президент Жо Байден жерналисттер менен бул тууралуу дегеле сүйлөшкүсү жок. Жалпыбызды тумчуктурчу кырдаалга сереп салган россиялык журналист Ирина Бадмаеванын макаласы РИА Новостиге жарыяланды.

Болушунча күүлөп

Жылына жети пайыз — бул декабрдын көрсөткүчү. Дал ушул маселе дүйшөмбү күнү Ак үйдө талкууланды. Байдендин экономика боюнча кеңешчилери менен жолукканы теледен да көрсөтүлдү.
Журналисттер чыгарылып жатканда Fox News телеканалынын кабарчысы Питер Дуси президентке "алдын ала шайлоо болордо инфляция саясий көйгөйгө айланды деп эсептебейсизби?" деп кыйкырып калууга жетишкен.
Байденге бул суроо өтө эле жагымсыз болгон өңдүү. "Бул эң чоң баалуулук. Инфляциядан чоң. Кандай мээси иштебеген иттин баласы бул", — деп жооп берген. Микрофон өчүк деп ойлосо керек.
Бир сааттан кийин президент журналистке телефон чалып кечирим сураганын Fox News кабарлады.
Питер Дуси менен Байдендин ортосундагы мамиле анча жакшы эмес. Репортер безге сайган суроолорду берип келет. Өлкө башчы аларды жеңил ойлуу деп анча кабыл албайт.
Президент негизи эле журналист журтчулугун көп жактыра бербейт.
Байден пресса менен жаакташып жатканда инфляция улам күч алууда. Бийликтин буга түз тиешеси бар. 2020-жылы АКШнын Федералдык резерв системасы (ФРС) триллиондогон доллар басып чыгарып, аны бизнеске, чарбаларга тараткан болчу.
"Ар бир америкалык тургун акча алып, ага товар алды, кызматтардан пайдаланды. Муну менен продукцияга ашыкча суроо-талап жаралды", — дейт Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин экономикалык теория кафедрасынын доценти Екатерина Новикова.
Антикризистик чаралардын басымдуу бөлүгүн финансы рыногу абсорбциялады. Бара-бара басылган триллиондор реалдуу экономикага кирип, инфляциянын жогорулашын шарттады.
"Глобалдуу валюта резерви (59%) менен эл аралык соода (87%) структурасында доллардын абалы Вашингтонго эркин кыймылдоого жол берет. АКШ экономиканы стимулдаштыруу үчүн акча массасын кеңири пайдалана алат", — дейт АБЦ инвестициялык компаниянын башкы директору Евгений Лашков.
Бир жарым жылдын ичинде америкалык индекстер орточо эсеп менен үчтөн бир бөлүккө өстү.
Россиядагы алтын валюта резервинин абалына сереп

Кесепетин ойлонбой

Пандемиянын күчөп турган маалында экономикага акча салбай коюуга болбойт эле. "Кесепети тууралуу эч ким ойлонгон жок. Ал эми Америка экономикасы — глобалдуу рыноктун кыймылдаткычы. Океандын ары жагында болбор-болбос өзгөрүү да башка мамлекеттерге таасирин тийгизет. Болгондо терс таасири тиет", — деди финансист Андрей Плотников.
Баанын өсүшү америкалыктар үчүн да, башкалар үчүн да жакшы көрүнүш эмес. Күмөндүү "баалуулук".
"АКШ инфляциялык желмогузду ишке киргизди", — деген маектеш.
Акчаны Европанын борбордук банкы да болушунча басып чыгарды. "Улуу Британияда инфляция беш пайыздан ашты. Германия менен Францияда да абал ушундай. Бул ондогон жылдардан берки максимум", — дейт инвестор, "Практикалык инвестициялоо мектебинин" негиздөөчүсү Федор Сидоров.
Айрым өлкөлөрдө өндүрүшчүлөрдүн баасы декабрда 25 пайызга жогорулап кеткен.
"Бул глобалдуу инфляция анча алыс эмес дегенди түшүндүрөт. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттер да жабыркайт. Анын арасында Россия да бар. Импорттолгон товарлар, сырьенун баасы канчалык жогору болсо, ички рынокто да баа ошончолук көтөрүлөт", — деди эксперт.
Абалды өнөр жайдын калыбына келе электиги да курчутууда. Ал эми суроо-талап бардык жерде өсүп жатат. Бул айлампаны борбордук банктардын ставкаларды жогорулатышы гана жарып чыгышы мүмкүн. Федералдык резервдик система буга даяр болуп калды. Алгачкы кадам мартта жасалышы ыктымал. Жалпысынан мындай төрт раунд болушу күтүлүп жатат. Бирок аналитиктер инфляция жыл соңуна барып солгундай турганын божомолдошууда. Азыр жана ушул жерде эле натыйжа бере калчу курал жок.
Мунун да кесепети болот: өнүгүп келе жаткан рыноктордон капитал сыртка агып, улуттук валюталар девальвацияланып, экономика туруп калат.
ФРСнын антиинфляциялык саясаты сырьего болгон глобалдуу суроо-талапты азайтат. Бул экспортко таянып өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге, өзгөчө Россияга керек эмес.
Канткен күндө да акча-кредиттик саясат кескин катаалдашып кетет деп тыянак чыгарууга эрте. Буга Ак үй кызыкдар эмес дейт Евгений Лашков. Конгресске шайлоо жакындап келе жатат, демократтар добуштарын жоготуп алгысы келбейт. Ал эми Байдендин рейтинги ушу тапта болгону 40 пайызды түзөт. Мындан азына (38%) президенттердин ичинен Дональд Трамп гана ээ болгон.
Morning Consult/Politico басылмасынын маалыматы боюнча, учурдагы президентти демократ шайлоочулардын ичинен 72 пайызы гана колдойт. Декбарда эле Байден 15 пунктудан кол жууду. Ал эми республикачылардын басымдуу бөлүгү Байденге караманча каршы.
Быйыл кайсы өлкөнүн экономикасы кыйроого учурашы мүмкүн. Адистин пикири
АКШ антиэкологиялык жарышты баштап бара жатат. Сереп