Адам эмнеге үшүкчөөл болот? Эндокринолог 8 себебин айтты

Дарыгердин айтымында, жайы-кышы үшүй бергендердин айрымдарынын организминде өзгөчөлүк болушу мүмкүн. Эгер дени сак болсо, ооруканага кайрылуунун зарылдыгы жок.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Эндокринолог Мария Елесина "Доктор Питер" порталына маек куруп жатып эмне себептен айрым адамдар ар дайым үшүй берерин түшүндүрдү.
Дарыгердин айтымында, жайы-кышы үшүй бергендердин айрымдарынын организминде өзгөчөлүк болушу мүмкүн. Эгер дени сак болсо, ооруканага кайрылуунун зарылдыгы жок.
Башка учурларда үшүкчөөлдүк организмдеги бир нече мүчүлүштүктөн кабар бериши мүмкүн.
Анемия (аз кандуулук)
Канда темир, жез же В9, В12 витаминдери жетишпесе анемия илдети пайда болот. Бул учурда гемоглобин төмөндөп, канга кычкылтек жакшы жетпей калат.
Организм кычкылтектин тартыштыгынан улам аны көбүрөөк алуу үчүн тамырларды кеңейтип, канды бат айлантууга аракет кылат. Бул процесске организм көбүрөөк энергия жумшап өзү үшүй баштайт.
Салмак
Салмактын ашыкча же кем болушу дагы денеде жылуулуктун кармалып турушуна тоскоолдук кылат. Тагыраагы, организмде жетиштүү (ашыкча эмес — ред.) май болсо ал жылуулукту сактайт. Эгер май жок болсо, энергия сактала турган жер таппай сыртка чыгып кетет.
Ал эми адам абдан толук болсо май кан тамырларды кысып, кандын жүгүрүшүн кыйындатат. Кан айланып, кычкылтек жетиштүү болуп турбаса адам чыйрыга берет.
Калкан бездеги көйгөй
Калкан безде көйгөй болсо организмдин жылуулук балансын кармап турчу гормондор аз бөлүнө баштайт. Адатта бул адамдардын буту дайыма муздак болуп турат. Диагнозду так билүү үчүн дарыгерге кайрылуу керек.
Өмүрдү узартуунун жөнөкөй ыкмасы айтылды
Кан басымдын түшүшү
Кан басымы нормадан төмөн кишилердин көбүнесе колу-буту үшүйт. Анткени жылуу кан колдун жана буттун учуна жетпей калат. Мындай адамдар активдүү кыймылда болуп, спорт менен алектенгени оң.
Диабет
Кант диабетинде кан тамырлар жабыркайт. Кесепетинде кан айлануу начарлап, кол-буттун учуна кан жетпей калат. Жогоруда айтылгандай, мындайда адам чыйрыга берет.
Стресс
Нерв системасында мүчүлүштүгү бар адамдар көп үшүйт. Булар эмоцияга тез алдырышат. Ошол учурда канга стресс гормону аралашып, тамырларды шишитип салат. Кан жакшы жүгүрбөй калат.
Рациондо майдын жетишсиздиги
Май адамды семиртет, организмге зыяны көп деген түшүнүк бар. Бирок дал ушул май менен А, Е витаминдери боорго барып, метаболизмди жөнгө салат. Боор жакшы иштегенде жылуулук балансы сакталат.
Инфекциялык оорулар
Инфекциялык илдет жукканда организм ууланат, метаболизм бузулат, иммунитет түшөт. Мунун баары организмдин муздашына алып келет.
Кандай учурда сууну ачкарын ичкен жакшы. Адистин кеңеши