Апта башында, 18-январда, президент Садыр Жапаров жаңы Салык кодексине кол койду. Коомдук талкуу маалында эле ишкерлердин бир даары андагы жоболорго нааразы экенин билдиришкен. Алигүнчө суроо көп. Ошондуктан Sputnik Кыргызстан редакциясы Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиевге кайрылып, бир топ суроолорго жооп алды.
Салык кодекси качан күчүнө кирет?
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 22-декабрда кабыл алынып, 18-январда президенттин кол койгону тууралуу маалымат чыкты. Бирок Алиев кодекс 1-январда эле күчүнө киргенин айтат. Муну билип алуу маанилүү, себеби төмөндөгү суроо-жооптордо айтылат.
Салык режимин 15 күн ичинде тандоо абзел, акыркы мөөнөт качан?
Салык кодексин киргизүү жөнүндөгү мыйзамда маанилүү бир жобо бар. Кеп жалпы режимдин негизинде иш жүргүзгөн, кошумча нарк салыгын төлөбөгөн салык төлөөчү жөнүндө. Кодекс күчүнө киргенден тарта 15 күн аралыгында ал салык органына кошумча нарк салыгын төлөөчү катары же атайын салык режимин каттоо жөнүндө арыз тапшырууга тийиш. Антпесе, жалпы режимдин негизиндеги салык төлөөчү болуп эсептелет.
"Бул үчүн бардык дем алыш күндөрүн эсепке алганда 15 иш күнү бар, акыркы мөөнөт — 27-28-январь", — деп жооп берди Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.
Ансыз деле "жөнөкөйлөтүлгөн" болсо, режимди калтырууну өтүнүү керекпи?
Салык кодексин киргизүү жөнүндөгү мыйзамда дагы бир маңыздуу жобо бар. Атайын режимдеги салык төлөөчү Салык кодекси күчүнө киргенден тарта 15 күн ичинде салык режимин тандоо боюнча арыз берүүгө милдеттүү.
Былтыр жыл аяктап калганда Алиев мурда жөнөкөйлөтүлгөн режим болсо, ал тастыктоо талап кылбастан сакталарын айткан эле. Азыр ошол эрежени кеңири түшүндүрүп берди.
"Атайын – милдеттүү патент, салык төлөөнүн келишимдик режиминде иштеген жарандар категориясы болгон. Алардын баары режимди тандоого арыз тапшырууга милдеттүү. Ал эми мурдатан жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салык төлөп келгендер арыз тапшырбай деле койсо болот", — деди Алиев.
Патент сакталабы?
Жаңы кодексте "патент" түшүнүгү жана ал боюнча төлөмдөр калды. Бирок кеп ыктыярдуу патент туурасында. Алиев азыркы тизмеде ишмердиктин 87 түрү боюнча берилерин эскертти. Мында өз каалоосу менен салык режимин тандоого болот. Милдеттүү патент жок, режимдин бул түрү жоюлду. Алиевдин айтымында, патенттин ушул түрү менен иш жүргүзгөндөр эми салык режимин тандоого тийиш.
Салык айлантуудан алынабы же кирешеденби?
Салык төлөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн тутумунда (30 миллион сомго чейинки айлантууда), ишмердиктин түрүнө жараша чен айлантуудан 0,25тен 8 пайызга чейин түзөрүн түшүндүрдү Алиев. Мурда көпчүлүктө мында кеп айлантуу тууралуубу же киреше жөнүндөбү деген суроолор жаралган.
"Эгер салыктын жөнөкөйлөтүлгөн – чыгаша жана кирешелер эсеби көрсөтүлбөгөн режимин тандаган болсоңуз, анда Салык кодексинде белгиленген ченде айлантуудан салык алынары каралган", — деп жооп берди Алиев.
Киреше түшпөсө эмне кылуу абзел?
Маселен, айлантуу миллион сомду түзүп, бирок киреше албасаңыз, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары жалпы салык режимине өтүүгө кеңеш берет.
"Бул режимде кирешелер эсеби, чыгашалардын чегерилиши жана алым салынчу кирешеден салык төлөө каралган", — дейт аткаминер. Алиев жаңы Салык кодекси белгилүү бир режимди колдонууну милдеттендирет.
"Салык кодекси салык төлөөчүгө тандоого жол берет: же жалпы режимди колдонуп, бухгалтерия жүргүзүп же антпестен башка режимди тандайт. Башкача айтканда, эгер жөнөкөйлөтүлгөн режимди туура көрбөсөңүз, айлантуунун өлчөмүнө карабастан жалпы режимге өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок "жөнөкөйлөтүлгөн режимде" айлантуу 30 миллион менен чектелет", — деп кошумчалайт ал.
Салык кодексинде бизнес салыктан бир жылга гана бошотулабы? Мурда мөөнөтсүз деп маалымдашкан.
Анткен менен документте 8 миллионго чейинки айлантуусу бар товар сатуу, иш жүргүзүү, калкка кызмат көрсөткөн (коомдук тамактануу, мончо, сауна жана бильярддан сырткары) жеке ишкер быйыл салыктан бошотулат деп көрсөтүлгөн. Бирок кийин чен өсөт, маселен, 2023-жылы ал бир пайызды түзсө, бир жылдан соң 2 пайызды түзүп калат. Бирок былтыр Алиев салыктан бошотуу мөөнөтсүз экенин билдирген эле. Кодекстин долбоорунда чендин жогорулашы болжонгонун, бирок кийин президенттин Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун киргизүү каралган жарлыгы менен түшүндүрдү ал.
Кеп 8 миллионго чейинки айлантуусу бар субъектилерди салыктан мөөнөтсүз бошотуу жөнүндө. Мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгаруу пландалууда. Эгер бирдиктүү салык субъекти жумушчу жалдап жана маяна төлөбөсө, ишмердик үчүн салык төгүүдөн бошотуларын эскертет тийиштүү кызматтын өкүлү. Болбосо андан киреше салыгы алынып, кызматкерлер үчүн социалдык чегеримдер кармалат. Ошондой эле Алиев салыктан бошотулган күндө да салык отчёту чейрек сайын тапшырыларын белгилеген.
Салык кодексиндеги керектөөчүлөр үчүн cashback деген эмне?
Документте сатып алынган товар, кызмат, тейлөөдө берилген кассалык чектерде кайтарым суммасы – cashback түшүнүгү камтылат. Сумма жеке жактын жергиликтүү банктагы эсебине кайтарылышы шарт. Ушул жобо жарандык коом тарабынан кассалык-көзөмөлдөө машинасын (кассалык аппараттарды) колдонууну көзөмөлгө алууну күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми бул атаандаштыкка тегиз шарт түзүүгө жана бизнестин ачыктыгына оң таасир этет. Алиевден cashback көлөмүн да тактап, кайсы банктар аркылуу жана канча убакытта түшөрүн сурадык.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кодексте ушундай механизм каралганын айтат. Жогоруда айтылгандардын баары учурда аягына чейин иштелип чыгууда. Алар министрлер кабинети тарабынан бекитилет.
Кошумча суроолор чыкса, кайда кайрылууга болот?
Алиевдин айтымында, 116 номерин терип сall-борборго, Ишкерлерди тейлөө борборуна, ошону менен бирге эле Мамлекеттик салык кызматынын райондук бөлүмдөрүнө кайрыла аласыздар. Райондук бөлүмдөрдө нөөмөттөгү инспекторлор иш күндөрү 23:00гө чейин сиздердин кызматыңыздарда болмокчу.
Салык кодексиндеги негизги жаңычылдыктар тууралуу кеңири маалыматты бул шилтемеден табасыз. Документтин өзү менен президенттин сайтынан тааныша аласыз.