Кандай учурда сууну ачкарын ичкен жакшы. Адистин кеңеши

Дианова эгер адамдын ашказаны оорубаса, ачкарын иче турчу сууга апельсин же лимон согун кошуп коюуну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Диетолог, гастроэнтеролог Нурия Дианованын сууну ачкарын кандай адамдар ичсе болорун түшүндүргөнүн РИА Новости жазды.
"Эртең менен тура калып эле бир стакан суу ичүү чындыгында ден соолукка пайдалуу адат. Ал организмди ойготуп, ашказан сааты менен иштеп, бул күнү адамдын маанайы дагы жакшы болот. Ошондой эле тери тазарып, микрофлора жакшырат", — деген адис.
Бирок адис эртең менен ичилген суунун температурасына көңүл буруу керектигин белгилеген.
"Ачкарын иче турган суу жылуу болсун. Айрыкча, ичи каткандар эртең менен муздак суу ичпегени оң. Ич ооруп жаткан учурда дагы жылуу суу ичкен жакшы", — деген диетолог.
Дианова эгер адамдын ашказаны оорубаса, ачкарын иче турчу сууга апельсин же лимон согун кошуп коюуну сунуштаган.
Ачка жатпаш керек. Диетолог уйку алдындагы тамактануу тууралуу
Кофени жакшы көргөндөрдүн ден соолугун эмне талкалаарын адис айтып берди