БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Япония өкмөтүнүн башкы катчысы Хирокадзу Мацуно Түндүк Корея бүгүн эртең менен дагы бир жолу баллистикалык ракета учурганын айтып, тынчсыздануусун билдирип чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Түндүк Корея кайрадан баллистикалык ракета учургандыгы тууралуу маалымат бар. Мындай аракеттер Японияга гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүнө коркунуч жаратууда", — деди Мацуно.
Билдирүүгө караганда, Япониянын жээктеги күзөтчүлөрү саат 08.54тө (Бишкек убактысы менен 5.54) Түндүк Корея тараптан ракета атылды деген маалымат берген. Андан 10 мүнөт өткөн соң ракетанын жерге түшкөндүгү айтылган.
Япон деңизинде жүргөн кемелерге болушунча кылдат жана сак болуу сунушталды.
Эске салсак, бул Түндүк Кореянын быйылкы жылдагы эле төртүнчү ракетасы. Алгач бешинчи, андан соң 11-январда учурулган ракеталар сыноодон ийгиликтүү өткөнүн Пхеньян өзү билдирген. Кийинки эки ракета 14-январда учурулуп, Япон деңизине түшкөн. Анда өлкө премьер-министри Фумио Кисида тез арада кризистик штаб түзгөн.
Өткөн жылы дал ушундай окуялар бир нече ирет кайталанган. Эл аралык ЖМКлар мамлекет 27 жана 30-сентябрь күндөрү эртең менен кезектеги баллистикалык ракеталарын текшерүү үчүн учурганын жазышкан. Анда дагы Япония тынчсыздануусун билдирген. Бул кадамды АКШ Кореянын коңшуларына, дегеле бүткүл дүйнөгө кооптуу деп эсептей турганын айтып, диалогго чакырган. Бирок Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШнын бул сунушун жөн гана душмандык мамилесин жаап-жашыруу аракети катары кабыл алып, диалогдон баш тарткан.