Евразия хандары келген Манастын жентек тою жана ат коюлушу. Кызыктуу 8 факт

Sputnik
Окурман журтуна, мектеп окуучуларына, дегеле Манас ааламына кызыккандарга океандай эпостун бөлүктөрүн чакан кылып жарыялап турмакчыбыз. Баяныбыз Манастын жентек тою жана ысым ыйгарылышы менен уланат.
Жакыптын баласы. Бала туулганда сүйүнчүгө барган Акбалта баланы "бала" эле деп атабайт, "кабылан" дейт, "жолборс" дейт, "жолдош" дейт, "эрмек" дейт, "каралды" дейт. Ошол Акбалта абакесине сүйүнчү катары Жакып "көөкөргө куюп канымды ал", "Алтайга баштап айлымды ал", "баламды таштап, зайбымды ал", "чукуп бир жак көзүмдү ал" деп атпайбы, мунун өзү Жакыптын жеке кубанычы гана эмес, басууда, кордукта жаткан анын уруусунун, элинин кубанычы. Болбосо Жакыптын туугандары туш-тушка чачылып кеткен, эл тозгон, алардын башын кошор жигиттер өлтүрүлгөн же кулга айланган. Жакып айылга аңтаңдап келип, элдик жөрөлгө боюнча "бешик боосу бек болсун, кундагың боосу кут болсун" деп аттан түшүп, баласын колуна алып караса, "маңдайы жазы, башы кууш, бар боюнда турат тууш, кочкор тумшук, кош кирпик, көркү калча, көзү тик, жалаяк ооз, жар кабак, жаагы жазы, ээги узун, эрди калың, көзү үңкүр – эр мүнөзү көрүнөт"; "алакан жазык, колу ачык, аттанып чыкса жолу ачык – алп мүнөзү көрүнөт"; "жолборс моюн, жоон билек, жоруну калың, таш жүрөк, жылма кабак, жылдыз көз – бөлөкчө түрү бар экен". Анан ушундай балага ааламда мурда болбогон ат жеткен жердин баарынан эл чакырып жентек той берип, башкача бир ооматтуу да, татыктуу да ысым коюунун камылгасын ойлонот.
Жентек той. Ошол кезде Алтай менен Кең тоодо Жакыптын жылкысы отуз сегиз миңге жеткен экен, койлору сексен миңге барыптыр, алты миң ашык төөсү, жети миң ую бар экен, аттары семиз мас болуп, алтыны жатат таш болуп. Анан ойротто жок бир той кылайын, эл-журтту бир балкытайын деп отуз адамды эл чакыргыч кылып жөнөтөт. Алчын, үйшүн, найман, абак, тарак, аргын, кыпчак, тыргоот калмак, моңгул, кытайдын кыйласы, сарттар – баары келсин деп кабар айттырат. Той өтөр мезгил эрте баар, той өтөр жер Үч-Арал экенин, беш ай эрте келишсин деп эскертет. Өздөрү эле келбей балбанын да, күлүгүн да, ар өнөрдүн адамдарын да, эшенин да, чеченин да, кожосун да, аярын да ала келсин дейт. Баш байгеге беш жүз кызыл нар, эки төөгө жүктөгөн эндей алтын зар, беш жүз жылкы, бир миң кой сайыларын да жар чакырып айта келишет чабагандар. Туу ашталып, бейшембиде той башталып, ошол күнү токсон бээ, эртеси күнү жумага жүз бээни союп таштайт. Ишембиге элүүнү, жекшембиге элүүнү, дүйшөмбүгө элүүнү, шаршембиге элүүнү, кайра бейшембиге Камбарбоздун үйүрүнөн алтымыш ак боз бээ союлат. Тойго аталган эки миң кочкор, элүү бордоку өгүз да конокторго тартылат. Мөмө-чөмө жемишке төрт миң атан төө менен жүз киши кеткен эле, алар келди. Алты жүз атан төө менен аппак күрүч келди. Кытайдын кара мейизи келди, кызыл арак тарттырды, жети жүз очок ойдурду. Тойдо Жакып хан ат чабышта отуз бир атка байге сайган экен, отуз биринчи болуп келген Акбалтанын Көкчолок аты байгеге бөлүнгөн алты кара, сексен кой алыптыр. Жакып карыя менен Чыйырды байбиченин жентек тоюна жаткенден жети элчи келет да, "жентегин мыктап жеп кетет, Манас желмогуз чыгат деп кетет" (В.В.Радлов). Жакып ушунча байыптыр деп, анын той берген баласы эр жеткенде бизди соо койбойт, бир нерсе кылсаң боло деп Эсенканга эскертүү беришет. Балага тойду баары эле берет да деп ал тоотпой коёт.
Кыргыздардын ат коюу расымы. Байыркы учурдан тартып узак кылымдар бою кыргыз элинде бала туулары менен эле ааламга келген наристеге ат койгон салт болгон. Бул эзелки жөрөлгө элибизге ислам дининин кириши менен жаңы төрөлгөн баланын кулагына угуза азан айтуу менен коштолгон. Азан чакыргандагы балага ыроолонгон анын ысымын ошол кызыл эт бала укпаганы менен, ал али түшүнбөгөнү менен эл аны көз ача элек ымыркай угат, туят деп эсептешкен жана ишенишкен. Балага ылайыктуу ат коюу – ата-энесинин бир парзы катары эсептелген жана ошол койгон аты үчүн алар баласынын алдында өмүр бою жооптуу болгон. Кыргыз эли үчүн баланын ысымы – ага энчиленген жеке байлыгы, өмүр тагдыры. Ал ата менен эненин балага берген эң биринчи сыйы, ал ысымга эне сүтү менен ата мээрими кошулат. Наристенин эң биринчи энчиленген аты элдик салт боюнча өзгөртүлбөйт, эгерде ар кандай шарттардан улам өзгөрүп кетсе да анын өлүмүндө окулган жаназасында, бата кылганда азан чакыргандагы аты менен аталат, баштапкы эң биринчи ысымы менен о дүйнөгө узатылат. Жакшы ат ыйгаруу – баланын бактысы жана эл ичине кошулушунун башаты. Кыргыз элинин узакка созулган тарыхында балага ат коюу салты да мезгил менен кошо өзгөрүп отурган. Жоокерчилик заманда "баатыр", "эр", "чоро" деген сөздөр жигиттердин атына кошулуп айтылат. "Эр" деген эпитет Манасты, Төштүктү, Табылдыны, Солтонойду гана коштоп келет. Кыргыздар адамга коюлган ат менен ошол адамдын тагдыры, келечеги чечилет дешкен. Ошол салт менен Жакып жаңы төрөлгөн наристеге жентек той берип, ысым ыйгармак болот.
Балага ат коюу үчүн келгендер. Жакыптын чакыруусу менен тойго келгендерден анын перзентине татыктуу ысым коюп берүү үчүн бир топ эл башыларды алып калат. Алар кыпчак ханы Байжигит, кыргыз ханы, кадимки Эр Төштүктүн атасы Эламан, Анжиян жактан Куртка чал, аргындардан Каракожо, нойгуттардан Акбалта, түрк уулунан Абдылда, өзүбектен Дамулда, катагандан Мунар бий. Алар Жакыптын баласына ат койсок деп дилгирленип алган, ичинен бирден-бирден ысымдарды да ыроолоп алган. Ошентип, Алтай жеринде төрөлгөн болочок баатырга ат берүүгө, азыркыча айтканда, Евразия аймагынын эчен элдеринин хандары, эчен журт башылар отурат. Алардын болгон кызматы – балага татыктуу ат коюу.
Ат койгон адамга белектер. Хан Жакыптын карыганда көргөн баласына төп келер ысым ыйгарган кишиге Чыйырдынын өзүнчө белек-бечкеги бар экен: алар аксакалдардан алтооно карк алтын – дилде сарпай, кер мурут, кара сакалдарга бирден тон. Ошол эле жерден үлкөндөргө үч тон кийгизип ийди, али балага ысым коё элек болсо да. Ушул учурда Жакып баланы колго алып, этегине салат, Чыйырды болсо эки кымкап алып, колуна элүү дилде кызыл пул кармап турат. Жакып бай анан ат коюп бериңер ушул балага деп эл жакшыларына үмүттүү да, суроолору да жалдырай тигилет.
Ат таба албай турушту. Мына ушул учурда не бир түркүн элди башкарган, не бир балдарга ат коюп жүргөн жакшылар эркек балага ылайыктуу бир ат айта албай айлалары кетет, ат коё албай алдырап, акылмандын баарысы, карап турду жалдырап. Балага ат коюу ушунчалык жооптуу экен, ушунчалык урмат экен. Же бул баладай бала болсочу? "Ат асмандан дечү эле" деп туруп беришет, баланы бир карап, атасы Жакыпты бир карап, асманды бир карап, канчадан бери дилинде сактап келген аттарын айтууга ооздору барбай. Жакып хандын Алтайга ошончо хандыктан айтылуу адамдарды жентек тойго чакырышы, анан алардын бир кыйласын ат коюу расымына алып калышы жана алардын бул ишти моюнга ала албай тайсалдап турушу – бул ат коюунун жооптуулугу, бул алдыларында турган кызыл эт наристенин келечегинин башкача болушун алдын ала боолголошу.
Дубананын пайда болушу. Ошентип эчен эл-журттун хандары балага ат коё албай турганда кайдан-жайдан чыга калганы белгисиз, бирөө пайда болот. Ак күлөлүү дубана экен, колунда аса таягы шылдырайт. "Сонундан тонду кийипсиңер, чогулуп баарың кирипсиңер, эмне туруп калганыңарды билбей турам" дегенде Бердике "ушул балага ат коюп берсең, Жакып хандын сообун алат элең, биз болсо бир ат коё албай камалып турабыз" дейт. Анда дубана: "Берген болсоң уруксат, мен коёюн атын, – деп, анан айтат, – Баш жагына "мем" келсин – байгамбардын сүрөтү, ортосуна "нун" келсин – олуянын сүрөтү, аягына "сен" келсин – арстандардын боруму", – дейт. Ал үчөөнүн уруштуруп окуганда оруну "Манас" деп окуйт. Баары ошого макул болот, ат коюлду Манас деп тургандардын баарысы жүзүнө бата тартат. Ошол учурда ак күлөлүү, аса таяктуу дубана же жер жутпай, же көккө учпай жок болуп кетет.
Манас аты айтылбай калат. Бир чети душмандардын алдын ала Манас деген бала тууларын, ал кек алып, буларды кууп чыгарын китептен окуп билип, ушундай ысымдагы балдарды өлтүрүп коюшун ойлоп, экинчи жагы кыргыздардын балдарга көз тийбесин деп жаман кийим кийгизип, жаман ат койгон салтын ээрчип, бул баланы эл көзүнө Чоң жинди аташат.
Манастын төрөлүшү: окурманды жипсиз байлаган жети факт
Манас ааламын чагылдырган сүрөтчү Асаналиев: кыргыз өзөгүнүн кыртышын буздук