Таттууну бир ай жебесе организмде кандай өзгөрүү болорун адис айтып берди

Таттуудан баш тартуу терини да жакшыртат. Адатта кант териге бырыш түшүрбөй турган коллаген менен белокту бузат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Таттуу азыктарды азайтканда организмде кандай өзгөрүүлөр болорун РИА Новостиге эндокринолог Татьяна Бочарова айтып берди.
Анын айтымында, азыкты алып жатканда сыртындагы кумшекердин өлчөмүн окуу керек. Кумшекер гидролизденген крахмал, патока, фруктоза, мальтоза, кант упасы жана башка аттар менен жазылат.
"Таттууну бир ай жебей койсо организмдин бардык системасына оң таасирин тийгизет. Ичеги-карындын иштешинен тарта гормоналдык фонго чейин жакшырат. Зат алмашуу тездеп, уйкусуздук жоголот, төрт килограммга чейин салмак таштай аласыз. Жалпы жонунан жашоонун сапаты жакшырат", — деди эндокринолог.
Адис тери да өзгөрүлө турганын кошумчалады. Кант — териге бырыш түшүрбөй турган коллаген менен белокту бузат.
Кофени жакшы көргөндөрдүн ден соолугун эмне талкалаарын адис айтып берди
Арыктатпайт! Диетолог салмак кошпойт деген "жаңылыш" азыктарды тизмектеди