Айсулуу, Мээрим, Акжол мамлекеттен канча стипендия алат. Жаңыланган тизме

Кыргызстанда бийлик алдыңкы спортчуларга ай сайын стипендия берип келет. Атлеттин ийгилигине жараша сый акынын категориясы аныкталып, 8 миңден 75 миң сомго чейин төлөнөт.
Sputnik
Тиешелүү токтомго акыркы өзгөртүү 2019-жылы кирген. Анда буга чейин эң жогорку стипендия 45 миң сом болсо, кийин 75 миңге көтөрүлгөн.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаменти стипендиялар боюнча жаңыртылган маалыматты берди. Белгилей кетсек, департамент олимпиадалык спорттун түрүн аркалагандардын гана тизмеси менен бөлүштү.
Сый акы спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча 7 категорияда, спорттун улуттук түрлөрү боюнча 3 категорияда жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 4 категорияда берилет. Стипендиялар бир жылдык мөөнөткө чейин чегерилет (ортодо өзгөрүүлөр болуп турат).

I категория — 75 миң сом

КРдин алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендия жөнүндө жобосуна ылайык, мындай каражат Олимпиадалык, Паралимпиадалык оюндарда биринчи орун алгандарга жана Олимпиадалык (Паралимпиадалык) оюндарга катышууга лицензия алган спортчуларга берилет.
Учурда I категориядагы стипендияны лыжачы Максим Гордеев алып жатканы белгилүү болду. Спорт департаменти Гордеев 2022-жылы боло турчу кышкы Олимпиада оюндарына лицензия утканы үчүн алып жатканын билдирди. Стипендия ушу жылдын февралына чейин берилет.
Лыжачы Максим Гордеев
Белгилей кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Кытайдын баш калаасы Пекин шаарында өтөт.

II категория. 60 миң сомго төрт спортчу илинген

Олимпиадалык, Паралимпиадалык оюндарда экинчи орун, Азия жана Азия пара оюндарында, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында жана дүйнөлүк универсиадада биринчи орун алгандарга берилет. Аны азыр төрт спортчу алууда.
1 / 4

Балбан Айсулуу Тыныбекова

2 / 4

Балбан Акжол Махмудов

3 / 4

Балбан Мээрим Жуманазарова

4 / 4

Паратриатлон Нурбек Тойчубаев

Айсулуу Тыныбекова — Токиодогу Олимпиада оюндарында экинчи орун, дүйнө чемпионатында биринчи орун;
Акжол Махмудов — Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медаль;
Мээрим Жуманазарова — Олимпиадада коло медаль, дүйнө чемпионатында алтын медаль;
Нурбек Тойчубаев — паратриатлон дүйнө кубогунда биринчи орун.

III категория. 50 миң сом 8 спортчуга берилүүдө

Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда коло байге, Азия жана Азия пара оюндарында II орун, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль алышы керек. Бул категорияга чоңдор арасындагы Азия чемпионатынан II орун, жаштар арасындагы Азия чемпионатынан күмүш медаль, дүйнөлүк универсиададан II орун ээлегендер да кирет.
1 / 5

Дзюдоист Владимир Золоев

2 / 5

Сууда сүзүүчү Денис Петрашов

3 / 5

Балбан Жоламан Шаршенбеков

4 / 5

Балбан Эрназар Акматалиев

5 / 5

Балбан Айпери Медет кызы

Владимир Золоев — дзюдо боюнча Азия чемпионатында биринчи орун;
Азизбек уулу Замирбек — парапауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунан биринчи орун;
Азизбек Нарбаев — парапауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатынан биринчи орун;
Темирлан Руслан уулу — парапауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатынан биринчи орун;
Денис Петрашов — сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль;
Жоламан Шаршенбеков — күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байге;
Эрназар Акматалиев — күрөш боюнча дүйнө чемпионатында (U-23) алтын байге;
Айпери Медет кызы — күрөш боюнча дүйнө чемпионатында (U-23) алтын медаль.

IV категория. 40 миң сом тогуз кишиге берилүүдө

Сурдлимпиадалык оюндардан алтын медаль, өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндарынан I орун, Азия жана Азия пара оюндарында коло медаль, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынан III орунду алгандар кирет. Андан сырткары, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан II орун, өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынан алтын байге, дүйнөлүк универсиададан III орун, студенттер арасындагы дүйнөлүк чемпионаттан биринчи орунга ээ болгондор, ошондой эле чоңдор арасындагы Азия чемпионатынан экинчи орун, жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биринчи орун алгандар кошулган.
1 / 9

Балбан Нуристан Сүйөркулов

2 / 9

Балбан Раззак Бейшекеев

3 / 9

Балбан Калмира Билимбекова

4 / 9

Балбан Атабек Азисбеков

5 / 9

Балбан Айаал Лазарев

6 / 9

Балбан Руслан Царев

7 / 9

Балбан Калидин Асыкеев

8 / 9

Балбан Алибек Осмонов

9 / 9

Балбан Бекболот Мырзаназар уулу

Нуристан Сүйөркулов — грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынан биринчи орун;
Раззак Бейшекеев — грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынан биринчи орун;
Калмира Билимбекова — аялдар күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш медаль;
Атабек Азисбеков — грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынан күмүш байге;
Айаал Лазарев — эркин күрөшү боюнча Азия чемпионатынан экинчи орун;
Руслан Царев — грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынан күмүш медаль;
Калидин Асыкеев — грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынан күмүш байге;
Алибек Осмонов — эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан коло медаль;
Бекболот Мырзаназар уулу — эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатынан экинчи орун.
Олимпиадалык спорттун түрүнөн дагы 33 спортчуга V категория менен 30 миң сом берилсе, VI категория менен 16 стипендиант 20 миң, 15 бала VII категория менен 10 миң сомдон алууда.
Белгилей кетсек, спортчулардын стипендиясы бир айга чегерилгендиктен айрымдары февраль айында эле алып бүтсө, кээсине жазга, жайга, күзгө (сентябрь) чейин берилет.

Олимпиадачылар карьерасы бүткөндө өмүр бою стипендия алат

Олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлери, ошондой эле чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынан алтын алгандар (бул 2020-жылы кошулган) өмүр бою ай сайын берилүүчү стипендия алууга акысы бар. Азыр жобо боюнча үч категорияда берилет.
I орун — 30 миң сом;
II орун — 25 миң сом;
III орун — 20 миң сом.
Ошондой эле өмүр бою төлөнүүчү стипендияны Москва Олимпиадасынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев (30 миң сом), Пекин Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев (25 миң сом) жана ушул эле Олимпиаданын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев (20 миң сом) алышат.
1 / 3

Москва Олимпиадасынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев

2 / 3

Пекин Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев

3 / 3

Пекин Олимпиадасынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев

Cпорттун улуттук түрлөрү боюнча стипендиялар адатта төмөнкүдөй:
I категория — 25 миң сом;
II категория — 20 миң сом;
III категория — 15 миң сом.
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча сый акынын көлөмү:
I категория — 20 миң сом;
II категория — 15 миң сом;
III категория — 10 миң сом;
IV категория — 8 миң сом.
Ак жолтой болушту! Кыргыз спортчуларынын жыл ичиндеги ийгилиги
Ич өрттөнүп, жаш токтобой, бийлеп... Кыргызстандык спортчулардын эмоциясы сүрөттө