Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Бийлик Нур-Султан менен Алматыда митингчилерди күч колдонуп таратууда. Видео

Казакстандагы эки ири калаанын борбордук аянттарына миңдеген адам чогулган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казак бийлиги борбор шаар Нур-Султан жана Алматыда митингге чыккандарды күч колдонуп тарата баштады.
Күч түзүмдөрү митингчилерге каршы көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундуруучу граната ыргытып аянтка чогулган жеринен таратууга аракет кылууда. Чогулган элдин аларга каршылык көрсөтүп жатканы кадрларга түшүп калган.
Кадрдан Алматы жана Нур-Султан шаарларын көрүүгө болот. Аянтка миңдеген адам чогулган.
Эске салсак, кечээ, 4-январда, Казакстандын бир канча шаарларында эл митингге чыгып, бийликке бир нече талап койду. Акциялар 2-январда башталган. Казакстандын Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 теңгеге (23, 9 сом) чыгып кеткен. Буга нааразы болгон жашоочулар чогулган. Кээ бирлери шаардын борбордук аянтына боз үй тигип алган.
Элдин нааразылыгы күчөп, 4-январда полиция кызматкерлери менен кагылышкан видеолор интернет айдыңына тараган.
Митингчилер газдын баасын 50 теңгеге (9 сом) түшүрүп, жумушсуздук маселесин чечип, тамак-аштын наркын арзандатып бергиле деп үч талап коюп жаткан. 4-январда Маңгыстау облусунда бийлик газга эл талап кылган бааны аныктап, арзандаткан. Ошол эле күнү Актөбе облусунун аймагында да газдын наркы 50 теңгеге түшкөн.
Мындай кадамдардан кийин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча эртеси, 5-январда, кеңешме өткөрөрүн билдирген. Бирок кечкурун Казакстан боюна абал курчуп, жогоруда айтылгандан башка Алматы баштаган ири шаарларда эл чыгып, алар да газдын баасын 50 теңге кылууну талап кыла башташкан. 4-январдан 5ине караган түнү башаламандыкка айланып кеткен. Бир нече ирет кагылышуулар болуп, акыры полиция чогулгандарды көздөн жаш агызуучу газ жана кулак тундурган граната колдонуп түнү менен кууп тараткан. Ал эми президент Токаев Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына өзгөчө абал киргизген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда абал курчуса Кыргызстандын Чек ара кызматы тиешелүү чара көрөт