БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Организмде сезгенүү процесси болуп жаткан маалда желген ак май жалпы абалга терс таасир тийгизет. Бул тууралуу РИА Новостиге нутрициолог Алена Степанова айтып берди.
Анын пикиринде, аллергиясы барлар, лактозаны (сүттүн углеводу, канты) көтөрө албагандар жана иммундук системасынын иштеши бузулгандар жууган майды жебей эле койгону оң. Ошондой эле анын курамында холестерин көп болгондуктан жүрөк-кан тамыр ооруларынан жапа чеккендер рациондон алып салса болот.
Жогорудагыдай көйгөйү жок адамдар ак майды ченеми менен жесе пайдалуу. Иммунитет, тамак сиңирүү системасы жана мээ үчүн керектүү витаминдерди камтыйт.
"Алып атканда майдын сапатына көңүл бургула. Майлуулугу 82,5 пайызды түзүп, бир өңдө болушу зарыл жана сыртынан жыт берүүчү заттар кошулбаганын окуш керек", — деген адис.
Ал кошумчалагандай, чоңдор бир күндө 20-30 грамм, кичинекейлер 10 граммга чейин жесе болот.