Ич өрттөнүп, жаш токтобой, бийлеп... Кыргызстандык спортчулардын эмоциясы сүрөттө

Токио Олимпиадасы, дүйнө чемпионаты... 2021-жылы эки ири мелдеште тең кыргызстандык спортчулар тарых жаратып, элди сүйүнттү. Бул майлуу-сүттүү жыл эстен кеткис болду.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спортчулардын кармаш учурундагы эмоция менен коштолгон ирмемдерин сунуштайт.
Белгилей кетсек, өлкө тарыхында биринчи жолу Олимпиада оюндарына спорттун сегиз түрүнөн 16 атлет барып, эки күмүш, бир коло байге жеңип кайтышкан.
1 / 21

Айсулуунун бул убакта ичи өрт менен жалын болуп жаткан... Ал Олимпиада оюндарында алтын алгысы келген эле. Бирок миңдеген кыргызстандык аны колдоп, таазим этип турду

2 / 21

Айсулуу Тыныбекова көп өтпөй Норвегиядагы дүйнө чемпионатында алтын тагынды. Чоңдор арасындагы биринчи алтын медалды 2019-жылы Нур-Султан шаарынан алган. Эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай ийгилик жараткандар болгон эмес

3 / 21

Белгилүү балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын 1/8 финалында тунистик балбан Ламджед Маафи менен кармашууда. Кыргызстандык спортчунун көтөрүп чабуулары көптүн бүйүрүн кызыткан. Бириккен күрөш дүйнөсү кармаштын видеосун чыгарып, анын астына "Акжол Махмудов бүгүн Токиодо шоу уюштуруп жатат" деп алкап жазган

4 / 21

Эринди тиштеп, муштум түйүп... Белгилүү балбан Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын жарым финалында армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсеби менен уткан

5 / 21

Токио Олимпиадасы. Жеңиштин даамын тер менен татып, алакан жайып асманды тиктеп отурган Мээрим Жуманазарова, ал эми жерде атаандашы Соронзонболдын Батцэцэг жатат. Спортчу жыйынтыгында коло медаль алган

6 / 21

Мээрим ушуну менен токтоп калбастан Норвегиянын Осло шаарындагы чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Айтор, быйыл спортчу кыздын жылдызы ого бетер жанып, эл оозунан түшкөн жок

7 / 21

Жоламан Шаршенбековдун күрөштөгү негизги атаандашы молдовалык Виктор Чобану. Кыргызстандык спортчу Токио Олимпиадасынын чейрек финалында Чобануга 7:0 эсебинде утулуп калган. Балбандар Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын финалында дагы кез келип, анда да Чобану 9:3 упай эсебинде жеңип алган

8 / 21

Айпери Медет кызы акыркы күчү калгыча туруштук берүүдө. Сүрөт Олимпиада оюндарында тартылып, анда кыргызстандык спортчу коло байге үчүн кармашта Ясемин Адарга утулуп калган

9 / 21

Көп өтпөй Айпери Медет кызы Сербияда өткөн 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду. Финалда колумбиялык Татьяна Рентиераны 3:1 эсеби менен уткан

10 / 21

Көздөр эле канча эмоцияны билдирип турат. Быйыл Эрназар Акматалиевдин да жылдызы жанды. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду

11 / 21

Валентина Шевченкого тең келчү спортчуну атоо да кыйын болуп калды. Аны менен беттешүүгө белгилүү спортчулар да даай албайт. Соңку кармашында америкалык Лорен Мерфини нокаут менен утуп, наамын алтынчы ирет сактап калды

12 / 21

Сары кыздын жеңиштен кийинки салтка айланган лезгинкасы. Бул бийди Валентина өзүнө ылайык стиль менен бийлейт

13 / 21

Эмне деген күч! Өзүнүн салмагы 100 килограммга жетпеген бала 200 килограммдык штангаларды көтөрүп жатат. Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токио Олимпиадасында 6-орунду ээлеген

14 / 21

Кыргызстандык спортчу Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) уюмунун чемпиону болду. Бел курду лиганын түптөөчүлөрүнүн бири, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов такты. Беттеш жайында Чолпон-Атада өттү

15 / 21

Топту бербей келе жаткан Гүлжигит Алыкулов, атаандаш тараптын спортчусу эмне болуп кулап калганы белгисиз. Ал убакта "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдеши өтүп, Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш командалары катышып, Кыргызстан жеңүүчү болгон

16 / 21

Бул убактагы эмоцияларды эки спортчудан башка киши билбей калды өңдөнөт. Көк шлемчен кыргызстандык тайбоксчу Арген Керимбеков. Ал Казань шаарында өткөн КМШ оюндарында азербайжандык Али Алиев менен кармашкан

17 / 21

Бир караганда кыргызстандык спортчу атаандашын кадимкидей эле чокуга койгусу келгендей көрүнүп калган. Эламан Кенжебаев Москвадагы самбо боюнча дүйнө кубогунда россиялык Антон Мамонов менен кармашкан

18 / 21

Ажарлуу спортчу Айша Изабекова. Кыргызстандык гимнаст быйыл Япониянын Китакюсю шаарында өткөн дүйнө чемпионатына катышты

19 / 21

Сууну бүркө сүзгөн Денис Петрашов. Токио Олимпиадасында суучул өзү үчүн жаңы рекорддорду коё алды. Мелдештин ачылыш салтанатында желек көтөргөн да спортчу болду

20 / 21

Жыгылып баратканда же атаандашты, же жерди караганга жетишпей калсаң керек. Дзюдочу Владимир Золоев (көк кимоночон) Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышты. Ал 81 килограмм салмак категориясында россиялык Алан Хубецов менен таймашып, жеңилип калган

21 / 21

Фехтование спортунда атаандаштын башына шпага тийгенде ушинтип шлеми күйүп калат экен. Кыргызстандык спортчу Роман Петров Токио Олимпиадасынын алгачкы таймашында сүрөттөгү түштүк кореялык Сегеон Маны уткан, бирок экинчи атаандашына утулуп оюндан четтеген

Тема бонюча:
Ак жолтой болушту! Кыргыз спортчуларынын жыл ичиндеги ийгилиги
Сүйүнүч, күйүт, кайнаган эмоция! Кыргыз балбандарынын Олимпиададагы ирмемдери
Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт