БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Майрамдан кийин иш күндөрдүн режимине оңой көнүп кетүү үчүн 2-январдан тарта эрте тура башташ керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, сомнолог Александр Калинкинге шилтеме берип "Известия" жазды.
Адистин айтымында, майрам күндөрү уйку режими бузулат. Аны калыбына келтирүү үчүн болушунча эртерээк аракет көрө баштоо зарыл.
"Кийин кыйналып калбайын десеңиз, 2-январдан тарта эртерээк туруп, күндүз дагы көнүмүш жашоо образын улантууга аракет кылыңыз. Мурда 23.00дөр чамасында уктап, саат 7де турган кишилер таңга маал уйкуга кетип, эртеси түшкө маал турушат. Мындай учурда организм стресске кабылат", — деди Калинкин.
Буга чейин жаңы жылдык дасторкондон кийин ашказанды жана деги эле саламаттыкты кантип калыбына келтирсе болорун Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы адиси Андрей Тяжельников айтып берген.