БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Медицина илимдеринин кандидаты, диетолог Ирина Бережная жаңы жылда кайсы тамактардан баш тартуу керектигин айтып, майрамда пайдалуу азыктарды сунуштаганын РИА Новости жазды.
"Салат, кесилген эт, кызыл икра жана башка жаңы жылдык дасторконго койчу тамактарда туз абдан көп. Ден соолукка зыян делген азыктарды дасторкондон алып же аларды азайткан оң. Туз организмде сууну көпкө кармап, кан басымды жогорулатып, адамды шишитип, жүрөк менен бөйрөккө күч келтириши ыктымал", — деди дарыгер.
Диетолог дасторконго жашылча, чөп-чар кошулган азыктарды койсо пайдалуу болорун белгилеген.
"Жашылча, чөп-чарда клетчатка, антиоксидант, витамин абдан көп. Ошол эле учурда жашылчаны өтө көп жегенде табит бир аз төмөндөп, адам зыяндуу тамактарды көп жегиси келбей калат", — деди Бережная.
Буга чейин эндокринолог жана диетолог Оксана Михалева жаңы жылдык дасторкондо кайсы азыктарды аралаштырып жебеш керектигин айткан.