Дарыдан дагы жакшы. Кан басымын калыбына келтирчү 4 көнүгүү

Маалыматка караганда, чегинен ашып кеткен кан басымын жөө басуу, чуркоо, велосипед тебүү жана сууда сүзүү жолу менен калыбына келтирсе болот.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Дене тарбия көнүгүүлөрүнүн төрт түрү кан басымын дары-дармектерге караганда батыраак калыбына келтирет. Бул тууралуу "Европадагы профилактикалык кардиология" журналындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, чегинен ашып кеткен кан басымын жөө басуу, чуркоо, велосипед тебүү жана сууда сүзүү жолу менен калыбына келтирсе болот. Ошондой эле жарым саат бою жайыраак темпте аэробика көнүгүүлөрүн жасаган туура.
Мындан тышкары, адистер кан басымы туруктуу эмес адамдарга өтө туздуу тамактан, ичимдиктен, кофеинден жана чылым чегүүдөн баш тартууну сунуштайт.
Адистер кан басымынын туруктуу кармалышына мисте жардам берерин айтты. Анын курамындагы L-аргинин аминокислотасы ден соолукту адам уктап жатканда дагы жакшыртып турат.
Диетолог кофеден баш тартуу организмди кандай өзгөртөрүн айтты
Кышында организмге өзгөчө керек болгон 3 витамин аталды