Буга чейин 120 депутат иштесе, азыр алардын саны 90го кыскарган. Жаңы депутаттардын келиши жана эски чакырылыштын кетиши бир канча окуялар менен коштолду.
Ана кетет, мына кетет
Бул чакырылыш мыйзам боюнча беш жылга шайланган. Бирок жаңы депутаттар шайланбагандыктан мөөнөтүнөн бир жылдан ашыгыраак отурду. Негизи алардын мөөнөтү 2020-жылдын октябрында бүтмөк. Бирок элдик толкундоодон улам 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.
Садыр Жапаров өкмөт башчылыгына келгенден кийин коомчулукта алардын легитимдүүлүгү маселе жаратты. Буга жооп кылып Жогорку Кеңеш мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин узартып алды. Мунун себебин өлкөдөгү саясий жана экономикалык кырдаалга байланыштырган.
Антип-минткиче июнь дагы келди. Бирок 5-майда жаңы Конституция күчүнө кирип, анда алты айдын ичинде бардык мыйзамдар шайкеш келтирилсин деген норма камтылган. Ошого таянып парламенттик шайлоо ноябрга дайындалды. Ал арада депутаттар шайлоонун жаңы эрежесин кабыл алууга үлгүрдү.
Кимиси келип, кимиси кетип жатканы белгисиз
Кетерине аз калганда Жогорку Кеңештин депутаттары биринин артынан бири мандатын тапшыра баштады. Алардын ордун жаңы жүздөр ээледи. Жадагалса мындай картина шайлоонун алдында дагы байкалды.
Акыркы болуп 17-октябрда "Республика — Ата-Журттун" тизмесиндеги Пархат Түлендыбаевдин ордуна 41 жаштагы Алайбек Алымбаев мандат алды. Жаңы парламентарий депутаттын креслосуна эки айдан көбүрөөк отурду.
Кээ бир мандаттар үч адамдын колунан өттү. Мисалы, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы болуп дайындалган Мирлан Бакировдун ордуна апрелде Мейкинбек Абдалиев келген. Ал жети ай иштеп 3-ноябрь күнү кызматын Нурбек Исмаиловго өткөрүп берген.
Эсептөөлөргө ылайык, быйыл эле парламентке 19 жаңы депутат келди, ал эми былтыр 15 ирет алмашкан.
Эгер 2015-жылы 120 депутатка мандат берилсе, 2021-жылдын декабрына чейин 175 киши парламенттин босогосун аттады. Алгачкы курам 46 пайызга (55 депутат) алмашкан.
Үч президент менен иштеп, бирөөнүн кол тийбестигин алды
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу экс-президентти кол тийбестик макамынан жана башка артыкчылыктарынан ажыратканы менен эсте калды. Мындай практика өз мөөнөтүн өтөп, кызматты жаңы шайланган талапкерге өткөрүп берген мамлекет башчыга колдонулду.
Депутаттар 2019-жылдын июнь айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алды. Буга 103 эл өкүлү макулдук берсе, алтоо каршы чыккан. Өз кезегинде Атамбаев "чимкирик депутаттар" деп атап, ал эл арасына кеңири жайылып кетти.
Ушул эле депутаттар президент Сооронбай Жээнбеков менен "иштешүүгө" өтүштү. Бирок октябрь окуясынын арты менен ал мөөнөтүнөн мурда отставкага кетти. Андан соң эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Садыр Жапаровдун саясатын колдоп чыкты.
Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөй...
2018-жылдын апрель айында Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Ага таянып президент Сооронбай Жээнбеков жарлык чыгарып, өкмөттү отставкага кетирди.
Ал өлкө тарыхында парламенттин ишениминен кеткен алгачкы өкмөт болуп калды. "Экс" макамынан ажыратылган Исаков кетип жатып парламентти "саясий өлүк" катары сыпаттаган.
Өз тамырына балта чаап...
Жогорку Кеңеш 2016-жылы жайында президенттин укуктарын азайтып, премьер-министрдин укуругун узарткан конституциялык өзгөртүүнү жактырып, референдумга алып чыкты. Ал демилге дагы өттү. Өз кезегинде парламенттик демократиялык өлкө болууга аракет жасалып жатканы айтылган.
Бирок Садыр Жапаров бийликке келгенде "парламенттик башкарууда башаламан болот экен, президенттик башкарууга өтөлү" деп жаңы Конституция сунуштады. Эл өкүлдөрү бул Баш мыйзамды дагы колдоп беришти. Натыйжада парламент бир канча укуктарынан ажырап, мыйзамдагы күчү алсырады.
"Ала-Арча" резиденциясында өткөн жыйындар
Өткөн жылы парламенттик шайлоодон кийин толкуган эл Ак үйдү басып алды. Имараттын ичи талкаланып, таланып-тонолуп, айрым бөлүгү күйүп кеткен. Ортодо укуктук вакуум жаралбашы үчүн ЖКнын жыйындары президент жайгашкан мамлекеттик резиденцияда өтүп жатты. Ошол жерде премьер-министр Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү кызматка киришип жатып ант берди.
Депутаттар Ак үйгө 25-ноябрда кайтып келип, салттуу жыйындарын өткөрө баштады. Демөөрчү катары курулуш компаниялары тартылып, имаратты оңдоп беришти. Эл өкүлдөрү өздөрү да чөнтөгүнөн акча чыгарышкан. Мында көбүрөөк акча бергенине чоңураак кабинет тийген.
Кыргыз парламентиндеги эң жаш спикер
Дастан Жумабеков 2017-жылдын октябрь айында парламент төрагасы болуп шайланган. Муну менен ал 41 жашында өлкөнүн экинчи адамы, ЖКнын тарыхында эң жаш спикер болуп калды. Ага чейин 43 жашында Эл өкүлдөр жыйынын башкарган Абдыганы Эркебаев эң жаш деп саналчу.
Экс-спикер Дастан Жумабеков
© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул Оморов
Төрт күндүк төрага
2015-жылдын 28-октябрында VI чакырылыш келери менен Асылбек Жээнбековду төрага кылып шайлашкан. Ал көпкө отурган жок. 2016-жылдын апрелинде Чыныбай Турсунбеков шайланып, бир жылдан ашыгыраак иштеди. Андан соң былтыркы октябрь окуясына чейин парламентти үч жыл Дастан Жумабеков жетектеди. Саясий башаламандык маалында Мыктыбек Абдылдаев төрт күн, Канат Исаев 22 күн спикер болду. Акыры 4-ноябрда Талант Мамытов шайланган. Ал быйыл 28-октябрда кызматтан четтеп, парламенттик шайлоого катышты. Бул учурда төраганын милдетин вице-спикер Аида Касымалиева аткарып жатты. Ошентип алты спикер алмашып, бирөө убактылуу иштеди.
Балп этмелер
Алты жылдын аралыгында депутаттарга эмне деген сөздөр гана айтылган жок. Өздөрү тилинен жаңылып же балп эте коюп күлкү жаратып турушту.
Кыргызстандыктар төрага Дастан Жумабековдун Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарын "Франкфурт жана Маяне" деп үч ирет туура эмес окуганын көпкө чейин унутпаса керек. Ал эми Тазабек Икрамов "гомсексуализм", "эл аралык" деген сөздөрдү айта албай жаңы мемдерди жаратып берди.
Икрамовдун кээ бир адамдардын аты-жөнүн да окуй албаган учурлары болду. Ошол эле маалда "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин алганы элди дагы бир ирет күлкүгө салып, таң калтырды. Аны кантип алганын сураган журналистке "эс алчы" деп жооп берип, талкууга алынды.
Баса, жогоруда аталган эки депутат тең VII чакырылышка кайра шайланды.
Ал эми Кожобек Рыспаев "чимкирик" дегенге арданып, өздөрүн "кыргыз элинин элитасына" теңеп, соцтармактын дагы бир ур-тепкисине алынганы эсибизде. Кийин ошол эле Рыспаев "профсоюздар бизди койсуңар деп жатат" деп ызаланган.
Балп эткен депутаттарга Камчыбек Жолдошбаевди кошпой коюуга болбойт. Алгач ал автоунаа жок коомдук транспорт менен келген кесиптештерин көрүп уяларын, андайда шапкесин баса кийип өтүп кетерин айткан. Бул коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, "уялчаак депутат" атка конгон.
Андан кийин Ат-Башыдагы карышкырларды тик учак, танк менен атууну сунуштаганы да элдин эсинен кете элек.