Сот Жанар Акаевге мандатын кайтарып берди

Сот "Альянс" партиясынын арызын канааттандырган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык административдик соту Жанар Акаевдин мандатын кайтарып берди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, сот "Альянс" партиясынын арызын канааттандырып, гендердик квота боюнча БШКнын токтомун мыйзамсыз деп таап жокко чыгарган. Аны менен катар Токтобүбү Оргалчага мандат берүү да мыйзамсыз болгону аныкталган.
Сот отуруму бүгүн, 21-декабрда, болгон.
Белгилей кетсек, БШК 15-декабрда өз чечими менен аялдардын квотасын бөлүштүрүү тууралуу жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, мурда жети мандаттын экөө аялдарга берилсе, өзгөртүүдөн кийин үчөө бериле турган болду. Бул "Альянс" партиясына түздөн-түз таасир этип, тизмедеги Жанар Акаевге мандат берилбей, анын ордун Токтобүбү Оргалча ээлеген.
Өз кезегинде Акаев "шайлоодон кийин оюндун эрежесин өзгөртүү жогорку бийликтин буйругу болду" деген пикирин билдирген.
Ал эми "Альянс" партиясы сотко кайрылган.
Жанар иним, мени өзүңдөй ойлобо! Жапаров мандат чуусу боюнча билдирүү жасады