Жаңы шайланган депутаттар бейшемби күнү мандат алып, ант берери күтүлүүдө

Мыйзам боюнча шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин эки жуманын ичинде биринчи жыйыны өтүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жаңы шайланган депутаттар ушул бейшемби, 23-декабрда, ант берип, VII чакырылыштын алгачкы жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппаратынан билдирди.
Мыйзам боюнча шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин эки жуманын ичинде биринчи жыйыны өтүшү керек. Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрь күнү жыйынтык чыгарган.
Ал эми БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайланган депутаттарга жакынкы күндөрү мандат берүү күтүлүп жатканын айтты.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жыйынтыкка ылайык, парламентке 90 адамдын ордуна 87 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алган. Бул аймактарда кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Ал эми №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан уткан Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу аныкталып, депутат болуу укугунан ажырады. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 эл өкүлү шайланат.
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышындагы аксакал депутаттар. Тизме
Жогорку Кеңешке келчү жаш депутаттар. Тизме