СССРдин ыдырашына 30 жыл. ХХ кылымдын геосаясий апаатынын себеби жана маңызы

Быйыл декабрда СССРдин чындап ыдырашына 30 жыл толду. 1991-жылдын 8-декабрында Беларусь республикасы, Россия Федерациясы жана Украинанын башчылары "Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин түптөө жөнүндөгү макулдашууга" (бейрасмий түрдө – Беловеж келишими) кол коюшкан.
Sputnik
Россияда, балким, советтик муундун катары суюлганча Союзду сактап калууга болот беле деген суроо дале кызуу талкууланып келет. Алардын көпчүлүгү экономикалык чектөөлөр көз карашын карманат. Эл аралык баяндамачы Ростислав Ищенко бул тарыхый окуяга азыркы учурдун реалдуулуктарына жараша баам салган.

Экономика таптакыр алсырап калган беле?

Кээ бири советтик экономика кыйрап калганын, ошондуктан Союзду сактап калууга болмоктугун айтышса, башкалары андай эместигин, эгерде Горбачев, Ельцин, Кравчук, Шушкевич (бул жаатында ар кимдин өз тизмеси бар) саткынчылык кылбаганда Союз "өмүрүн уланта" бермектигин белгилешет. Биринчи көз карашка кошулат элем, себеби 1990-жылы капыстан сигарет жоголгону мен үчүн аксиома болгон. Толугу менен, сигара жана башка тамекилер да калбай калган. Эртеси да, бир аптадан соң да, бир айдан кийин дагы пайда болгон эмес. Бир жарым-эки ай өткөндө гана жетишсиз көлөмдө сырттан импорттолгон өндүрүмдүн эсебинен ошол таңсыктык аз-аздан жоюла баштаган.
Экономикасы мамлекеттик планды аткарып, ондогон тамеки фабрикалары күргүштөп иштеп турган эбегейсиз өлкөдө ушул өндүрүмдүн заматта жок болушу тамеки чеккендердин гана көйгөйү эмес эле. Таңсыктык фабрикалардын иши токтоп, он миңдеген адам, убактылуу болсо да, эки-үч айга жумушсуз калган. Башкача айтканда, Мамлекеттик план чет өлкөдөн жетиштүү көлөмдө сырьё сатып алууну караштырган эмес, ал эми өз өндүрүшү СССРдин керектөөсүн канааттандыра турган абалда эмес болчу. Бул негизги көйгөйдү көрсөткөн: советтик экономика система катары иштебей калган. Демек, СССРдин экономикалык маселелери утурумдук эмес, системалык мүнөздө, ал эми мындай көйгөйлөр алардын чыгышына себеп болгон тутумдун алкагында чечилбейт.

Советтер Союзу жашай бермек. Деги эмне болду эле?

Бирок көйгөйлөрдөн улам эле СССР ыдырап кетиши керек эле дегенди туюндурбайт. Ооба, Союз экономикалык жактан майнапсыз болуп калган. Бирок ал экономикасы толук кыйраган күндө да формалдуу түрдө жашай бермек.
СССР, путч, эгемендүүлүк. Кыргызстандын тагдырын чечкен 12 күндүн баяны
Ушундай эле абалда Сомали, Афганистан, Украина жашап келе жатат. Бул өлкөлөр азыр 80-жылдардын аягы жана 90-жылдардын башындагы СССРдикинен да начар абалда. Сомалиде административдик жана саясий вертикаль толук жок кылынган. Украинада өз конституциялык милдеттерин аткарбай, өз ара аракеттешпестен формалдуу түрдө гана бар. Киевде мамлекеттүүлүк классикалык түшүнүктө эбактан бери жок. Афганистанда талибдер азырынча ийгиликсиз, элүү жылдык жарандык согуштун жүрүшүндө таш-талканы чыккан мамлекеттүүлүктү кайра жандандырууга тырышууда.
Союзда экономиканын кыйрашы башкаруу түзүмдөрүнө жайыла элек болчу. Алар өз функцияларын СССР ыдыраганда да аткарууну улантышкан. Ал тургай айрымдары ушунчалык борборлоштурулган, бөлүштүрүүгө моюн сунушкан да эмес. Маселен, маршал Шапошниковдун жетекчилигиндеги КМШ биргелешкен Куралдуу күчтөрү 1993-жылдын сентябрына дейре иштеп турган. Бирок Союзду кээ бир аткаминерлердин саткынчылыгы кулаткан эмес. Эгер мамлекеттик аппарат жалпысынан иштеп турса, ал мамлекет башчысынын да саткынчылык аракетин аныктап, токтотууга күчү жетет.
Кезегинде Николай I да өлкөнү үстөлдөгү жетекчилер эмес, кандай гана өлкө болбосун, бардык чөйрөлөрүн башкаруу механизмдерин реалдуу колго алган ортодогу бюрократиялык звено башкарарын моюнга алган эмес беле.

СССРдин ыдырашынын анык себеби эмнеде?

СССРден дал бюрократия баш тарткан (албетте, класс катары, айрым бюрократтар алсырап бараткан мамлекетке берилген бойдон калган, андайлар аз эмес эле). Ал эми бюрократтар үчүн системанын ураганынын белгиси – Конституциянын 6-беренесинин жокко чыгаруу жөнүндөгү чечими болгон. Анда советтик коомчулукту жетектөөчү жана багыттоочу күч катары КПСС белгиленген эмеспи. Кремль партиялык жетекчиликти кеңештердин бийлиги менен алмаштырууга аракеттенген. Натыйжада партия бийликти берип, ал эми кеңештер аны өткөрүп алууга жөндөмсүз болуп, өлкөдө саясий башаламандык башталган.
Кир самын, гезит… Адис СССРден калган зыяндуу адаттарды санап берди
СССРдин жок болушунун бир катар себептери бар. Кыскача аны мындайча: улам тереңдей берген экономикалык кыйынчылыктарга тушуккан партиялык бийлик башкаруу үлгүсүн өзгөртүүгө тырышкан деп сыпаттоого болот. Мурдагыдай бийлик партияда, ал эми жоопкерчилик кеңештерге калбастан, эки чылбырды тең бир колго (кеңештерге) берүү башкаруунун майнаптуулугун кескин арттырат деп болжонгон.
КПСС тарыхы кафедрасынын, марксизм-ленинизм университеттери жана жогорку партиялык мектептердин бүтүрүүчүлөрү чынында реформалоону каалаган советтик гана тургай өздөрү баш багууну каалаган рыноктук экономиканы да элестетишкен. Алар реформалардын так максат жана милдеттерин түзмөк түгүл, партия өткөрүп, ал эми кеңештердин колуна өткөн бийлик кыйрап баратканын көрүп паникага алдырышкан.

Баары дүрбөлөңгө түшкөн

Республикалык партиялык каймактар кремлдик реформалардын башаламан жана талкалоочу мүнөзүн көрүп үрөйлөрү учкан. Кремль аймактык элиталар контрреформалык маанайда экенин, көбүнесе негиздүү экенин билишкен. Жогорку жана орто башкаруучу звенолор ортосунда ишенбөөчүлүк пайда болгон. Кремль жергиликтүү кадрларды ротациялоого тырышкан, бирок эски, текшерилген жана кадамдарын болжоого мүмкүн болгон өнөктөштөрүн белгисиз, жоопкерчиликсиз популисттерге алмаштыруу менен абал ого бетер начарлаган.
Дал саясий башаламандык бюрократиялык чөйрөдө: "Колуңдан келгениң жан сакта!" деген маанайды жараткан. Орто звенонун бюрократиясынын жөлөгүнөн ажыраган кремлдик бийлик боштукта калган. Көбүнесе дал ушул себептен СССРдин президенти Михаил Горбачев күч менен беловеждик кутумду күч менен басууга дааган эмес. Ал кишинин жалтаңдыгы да өз ролун ойногон деп боолголойм. Ал чочулаган, себеби анын өз күч түзүмдөрү кутумчуларды камоо жөнүндөгү буйрукту аткарарына анча ынанган эмес.
Россия — Беларусь. Союздук мамлекеттин түптөлүшү, максаты, келечеги
Аймактары каймактар борбордун алсыздыгын көрүп, өз тагдырын өз колдоруна алуу зарыл деген акыркы пикирге келишкен. Тагдыр чечерлик маалда Союздун сакталып калышына кызыкдар саясий күчтүн жоктугунан (бир нече гана жогорку кызматтагы, бирок эл жактырбаган жана колдоосуна татыбаган жогорку бюрократиянын өкүлдөрүнөн сырткары) улам СССР ыдырап кеткен. Союзду таркаткан адамдар да эмнеге умтулушканын, постсоветтик мейкиндикте кандай саясий конфигурация түзүүнү каалашканын жана бул үчүн эмне кылуу керектигин башында билишкен эмес.

Советтер Союзунун бүтүндөй аймагын каптаган башаламандык

Ошондуктан 1991-жылдагы алгачкы чечимдер өлкөнүн тагдырын чечкендей каралган эмес. Көпчүлүккө Союздун кулаганы утурумдук, болгону ал аталышын жана борбордук бийлик формасын гана өзгөртөт деп ойлошкон. Башында Суверендүү мамлекеттер биримдигин түптөө тууралуу да айтышкан. 1991-жылдын 8-декабрында СССРди таратуу жөнүндөгү Беловеж келишимине кол коюу менен үч республика (Россия, Украина, Белоруссия) Славян мамлекеттер союзун түзүүнү чечишкен. Эске салсак, ал убакта Прибалтика, Молдавия, Грузия, Армения, Азербайжан, Белоруссия, Украина жана бир катар республикалар көз карандысыздыгын жар салууга үлгүргөн.
Минск жана Киевде процессти саясий ыкмалар менен кайра кайтарууга мүмкүн болсо, Прибалтиканы куралдын күчү менен гана кармап кала алмак. Молдавияда согушка айланып кеткен Приднестров жаңжалы андан бир нече жыл мурун эле тутанган. Тоолуу Карабахтын тегерегиндеги Армения жана Азербайжандын жаңжалы да ушундай эле жол менен биринчи Карабах согушуна өтүп кеткен. Грузия өзүнүн тун президенти Звиад Гамсахурдианы тактан кулатууга (1992-жылдын 2-январы) бышып жетилип калган убак. Буга чейин эле ал келечектеги түштүк осетиялык, абхазиялык жана ажар жаңжалдарына "үрөн сээп" кетүүгө үлгүргөн. Тажикстан да жарандык согуштун босогосунда турган. Беловеж келишиминин катышуучулары башында чындап эле славян мамлекеттери менен гана чектелерин боолголошкон. Андай ойдон бачым эле баш тартып ошол эле күнү жаңы бирикмеге кыйла компромисстик ат койгон. Каалагандар үчүн каалганы ачык калтыруу менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги ошентип түптөлүп калган. Эң башында Орто Азия кирүүгө (Түркмөнстан кийин шериктеш мүчө болуп кирген) ниетин билдирген, кийин Закавказье жана Молдавия кошулган. Прибалтика гана принципиалдуу түрдө КМШдан тыш калган.
30 жылдын олуттуу сабактары. Моюндагы аманаттын өтөсүнө кантип жетебиз?
Структуралардын атын алмаштыруу жана түзүүдө башаламандык процесстер старт алган. Чындыгында алардын функциялары демилгечилердин өздөрүнө да түшүнүксүз болгон. КМШны толук кандуу эл аралык уюмга айлантуу чечими 1993-жылы гана кабыл алынып, ишке ашырылган. Ошол эле учурда Украина Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин уставына кол койбостон, өзүн анын мүчөсү эмес, катышуучусу катары санаган.

КМШ ал убакта цивилизациялык айрылуу жана интеграциялоо ыкмасы катарында

Эң башында эле КМШнын катышуучулары анын келечеги тууралуу ар кандай ойдо болгон. Аны интеграциялык механизм да, айрылуунун цивилизациялык жолу катары да баалашкан. Болгондо да бир эле өлкөнүн саясатчылары ар кыл пикирлерин билдиришкен. Мунун баары бюрократиялык чөйрөдөгү дүрбөлөң жана башкаруудагы башаламандык СССР таркаган маалда да аяктабаганын айгинелейт. Алар 1993-1994-жылга чейин да постсоветтик өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгүнүн саясатын мүнөздөп турган. Ошол убакта теориялык жактан жаңы интеграцияга да, же андан ары ыдыроого да шарттар болгон. Бирок 1992-1993-жылдар аралыгында алардын баары кайтып, жаңы мамлекеттер өзүнчө башкаруу түзүмдөрү менен биротоло каттала баштаган. Саясий интеграциялык долбоорлордон баш тартып, ал эми экономикалык интеграция постсоветтик экономикалар үчүн өтө маанилүү чарбалык байланыштарды сактап калуу аракеттери менен гана чектелген.
1992-жылдын май айында КМШ Жамааттык коопсуздук келишими менен толукталган, ал эми бул аскердик чөйрөдөгү союз тарар алдындагы башаламандыкты жоюу аянтчасына айланган.
90-жылдардын ортосунда КМШ өзүнүн негизги милдетин аткарган. Бардык чөйрөлөрүндөгү постсоветтик башаламандыкты жеңип чыгып, мамлекеттер биротоло эгемен болуп, ал эми анын каймактары улутташкан.
90-жылдардын экинчи жарымынан тарта постсоветтик экономикалардын көпчүлүгү адегенде жай, көп өтпөй тездетилген калыптандыруучу экономикалык өсүштү көрсөткөн. Ал кийин – 90-жылдардын аягы жана эки миңинчи жылдардын ортосундагы каатчылык менен аяктабадыбы.

Интеграциянын жаңы формалары

Башка аталыштардагы жана жумшак конфедерация формасындагы СССРди кайра жандандыруу мүмкүнчүлүктөрү биротоло жабылган. Ошол убактан бери постсоветтик интеграция таптакыр башка принциптерде, атап айтканда, бирдиктүү экономикалык, юридикалык, аскердик жана булардан кийин гана саясий мейкиндик түзүү катарында, бирдиктүү түзүм эмес, ар кыл структуралардын байланыш жана өз ара аракеттешүү формалары иретинде гана мүмкүн эле...
Беловежский көмүскө бүтүмү: талкалаганды билебиз, бирок жарата албайбыз
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги жана Жамааттык коопсуздук келишими форматтары актуалдуу милдеттерге жооп бербей калган. Ошол себептен бул бирикме дээрлик жогорку башкаруучулардын клубуна айланган. Анын алкагында президенттер, премьерлер жана маанилүү министрликтердин башчылары шериктештик үчүн актуалдуу көйгөйлөрдү алдын ала талкуулап, чечүү жолдорун издей алышкан.
Кийинчерээк ЖКК Жамааттык коопсуздук келишими уюму болуп түзүлгөн. Ар кандай ылдамдыктагы интеграциянын концепциясы жарыяланып, анын алдында жаңы структуралар (Бажы союзу, Евразиялык экономикалык биримдик, Шанхай кызматташтык уюму) түптөлө баштаган.
Натыйжада КМШ постсоветтик мейкиндикте Британия шериктештигинин орусча варианты сымал болгон. Ошондуктан Россия менен мамилеси начарлаган өлкөлөр КМШдан чыгып же макамын төмөндөтөт. Ал эми алакасы жакшырганда кайра толук кандуу өкүлчүлүккө кайтышат.
Постсоветтик элита тарабынан өздөрү үчүн жаңы жана СССРсиз түшүнүксүз бир дүйнөдө таяныч катары түптөлгөн, жетектөөчү борбору жок КМШ жалпысынан өз милдетин аткарды. Ал мындан да натыйжалуу жана көп иштей алмак, бирок улуттук каймактар Россия бул уюмду СССР мейкиндигинде өз ордун бекемдөө, мурдагы советтик аймакта үстөмдүгүн камсыз кылуу жана саясий-экономикалык ыкмалар менен бирдиктүү мамлекетти калыптандыруу үчүн пайдаланат деп шектенип келишкен. Ушуга байланыштуу Москванын бир топ демилгелери формалдуу түрдө кабыл алынганы менен иш жүзүндө атайын үзгүлтүккө учураган. КМШда эң башында эле көтөрүлгөн, мисалы, жалпы мейкиндик демилгелери ишке ашпай калды. Азыр алар Россиянын өнөктөштөрү үчүн алда канча аз пайда келтирген форматтардагы башка интеграциялык долбоорлор аркылуу жүзөгө ашырылууда. Жалпы чабалдык жана белгисиздиктин доору аяктады. Россиялык күчтүн заманы келди.
Sputnik Кыргызстан агенттиги СССР ураган 12 күндүн баянын чагылдырган кызыктуу лонгрид даярдаган.
Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт.