Россия — Беларусь. Союздук мамлекеттин түптөлүшү, максаты, келечеги

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин Беларусьтун президенти Александр Лукашенко менен жолугушуу учурунда
Россиянын президенти Владимир Путин Беларусьтун президенти Александр Лукашенко менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Россия менен Беларусь жөн гана союздаштар эмес, алар бир мамлекеттин бөлүгү. Ооба, ал жакта президент, жалпы валюта деген жок, ошентсе да тарыхый, руханий биримдик бар.

Россия менен Беларустун биримдиги дагы бекемделе түштү. Путин менен Лукашенконун Москвадагы макулдашуусунан кийин кечээ Минскиде премьер-министрлер экономиканын ар кыл тармагындагы мыйзамдарды унификациялоого багытталган 28 союздук программаны ишке ашыруу боюнча токтомго кол коюшту.

Бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү жаңы, өтө олуттуу деңгээлге көтөрүлүп, Россия менен Беларустан турган союздук мамлекет үчүн эле эмес жалпы постсоветтик мейкиндикте интеграция процесстери үчүн мааниси артты. Жагдай тууралуу Петр Акоповдун макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Азыркы тапта жасалып жаткан иштер өзгөчө Евразиялык биримдиктин алкагында мамлекеттердин ымаласын бир топ жакшыртат. Бул тууралуу Александр Лукашенко да айтты:

Деятельность службы безопасности Украины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Украина душмандарынын түбүнө жетүүнүн жолун тапты
"Биз ЕврАзЭС, КМШ алкагында кай жакка багыт алуу керектигин көрсөтүп жатабыз. Башкача айтканда, биз бульдозер катары алдыга кетип, постсоветтик айдыңда келечекте түзүлчү бирикмелер үчүн жолду тазалап берүүдөбүз. Союз — азыркыдан да тыгыз иш алып барууну каалаган мамлекеттер үчүн үлгү".

Азырынча Евразиялык бирикмеге Россия менен Беларустан тышкары Казакстан, Кыргызстан жана Армения кирет. Эртеби-кечпи ага Тажикстан да, Өзбекстан да, эң башкысы Украина да кошулат. Башка республикалар үчүн да эшик ачык, анткени тарыхый биримдикти кайра калыбына келтирүү Россиянын эле эмес СССРдин курамына кирген башка мамлекеттердин да кызыкчылыгында. Тарыхый байланышты таптакыр үзүп коюуга жана геосаясаттын мыйзамдарын чийип салууга болбой турганын айтпасак да бирге болсок күчтүү болорубуз шексиз.

Россия ушу тапта СССР кыйрагандан кийин тарып кеткен тарыхый мейкиндигин калыбына келтирип жатат. Бул процессти Россиянын өзүн жок кылып, башкача айтканда, орус цивилизациясынын кыр аркасын сындырып гана токтотууга болот. Демек, интеграция турган иш.

Азыркы көз карандысыз республикаларга чочулоонун кажети барбы? Жок, анткени Россия эч кимди басып алууну, кошуп алууну көздөбөйт, баарын убакыт, тарых өзү жасайт. Россия болгону мындай аракетке геосаясий атаандаштар тоскоолдук жаратпашы үчүн баарына көз салып гана турмакчы.

Украинанын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо
Буга Беларусь менен болгон интеграциялык процесс мыкты үлгү. Реинтеграция Беларустун көз карандысыздыгына Батыш тараптан шек келе баштаганда ылдамдады. Бир жыл мурун Лукашенко тактан кулап, Беларусь Батышка өтөт деген көзү ачыктар да чыкты. Россияны "Беларусту өзүнө кошуп алууга" үндөгөндөр да болду. Бирок бул Россия жасай турчу кадам эмес, союздук мамлекет кагаз жүзүндө эле эмес реалдуу турмушта да жашап келет.

Россия менен Беларусь жөн гана союздаштар эмес, алар бир мамлекеттин бөлүгү. Ооба, ал жакта президент, жалпы валюта деген жок, ошентсе да тарыхый, руханий биримдик бар, аскердик союз, жалпы экономикалык биримдик табында. Эки өлкөнүн жакын ымаласын улантууну көздөгөн тилек, эки элдин тамыры бир деген терең түшүнүк өкүм сүрөт.

Саясий интеграциячы? Баары ошого келип такалат эмеспи. Ооба, качандыр бир кезде бул дагы ишке ашат, бирок азыр анын качан болору анча мааниге ээ эмес. Лукашенко "мындан да тыгыз аскердик, саясий мамиле, экономикалык интеграция зарыл боло турган болсо ошол замат киришебиз" деди.

Бул Беларусту Россиядан бөлүп алууга жасаган Батыштын аракети суу кечпей каларын көзгө сайып көрсөткөн мисал. Мындан тышкары, эки өлкөнүн алакасы башка бирөөнөн эмес эки өлкөнүн өзүнөн гана көз каранды дегенди түшүндүрөт. Ооба, Беларусь — Россиянын тарыхый бөлүгү, беларусь элин орус элинен ажыратып кароого болбойт. Бирок өткөн доордун, башкача айтканда, СССРдин кыйрашынан келип чыккан мүчүлүштүктөрдү андан кийин болгон окуяларды дыкат карап оңдош керек. Бул багыттан алып караганда Беларусь — бул Лукашенко. Ал өлкөнү 27 жыл башкарып, мамлекеттүүлүгүн түздү. Беларустун Россиянын курамына кириши тууралуу сөз болушу да мүмкүн эмес. Лукашенко Россиянын же орус элинин душманы болгону үчүн эмес, ал өз алдынчалуу мамлекеттик ишмер. Лукашенко 1990-жылдардын ортосунда эле, элдин баары Россия Федерациясы да кыйрайт деп күтүп калганда, союздук мамлекет түзүүнүн демилгечиси болгон, башкача айтканда, башынан эле биримдиктин колдоочусу эле. Эки мамлекеттин интеграциясы акыры боло турган иш, бирок толук кошулуу Беларуска да, Россияга да керек эмес.

Вашингтондогу Америка желектеринин фонунда Капитолий имаратынын сыртындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Демократияны үйрөтөт. АКШ бирөөнүн жашоосуна кийлигишүүнүн жаңы ыкмасын тапты
Анткени мурунку советтик республикаларга, биринчи кезекте Евразиялык бирикмеге кирген мамлекеттерге үлгү көрсөтүү керек. Россия башка элге сый-урмат менен мамиле жасай турганын, бул өзүнө да пайдалуу экенин түшүнүү зарыл. Жергиликтүү элита Кремль бийликти алмаштырууга, аларды башкарууга кызыкдар эмес экенин билиши керек. Жаңы союз түзүүдө СССРдин да, Евразия биримдигинин да кемчиликтери эске алынары унутулбашы кажет. Тагыраагы, эч ким бөлөк идеология, жашоонун башка бир нормаларын таңуулабайт.

Бирок ошол эле учурда Россия аталган мамлекеттерде жашаган орустардын кызыкчылыгын жана таасирин коргоп, Батышы болобу, Чыгышы болобу, кийлигишүүгө жол бербеши керек. Реинтеграция өзүнөн өзү боло калчу нерсе эмес. Баары Россиянын постсоветтик мейкиндикте оюнду кандай жүргүзө аларынан көз каранды. Анын үстүнө бул РФ үчүн геосаясий оюн, улуттук коопсуздук эле эмес, орус элинин жана анын улуу цивилизациясынын келечегинин маселеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0