Шайлоо: жараксыз бюллетендердин саны азайды

БШКнын төрайымы бюллетендерди кол менен эсептегенде айырма азыраак болушу мүмкүн экенин белгилеген. Себеби АСУ бир аз эле булганган баракты кабыл албай коюшу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгында жараксыз бюллетендердин саны 3 926га азайды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Кол менен эсептөөнүн (протоколдордун 100 пайызы эсептелди) негизинде парламентке алты партия — "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман нуру" өттү.
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышындагы аксакал депутаттар. Тизме
Эске салсак, автоматтык эсептөөчү урналардын маалыматы боюнча, 110 миңден ашык бюллетень жараксыз деп табылган. Бул жалпы добуш бергендердин дээрлик 10 пайызын түзөт. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендерди кол менен эсептегенде айырма азыраак болушу мүмкүн экенин белгилеген. Себеби АСУ бир аз эле булганган баракты кабыл албай коюшу мүмкүн.
БШК билдиргендей, АСУ эсептебеген бюллетендер кол менен эсептөөдө комиссиянын чечими менен саналган. Бирок бул үчүн бюллетенде жарандын так тандоосу көрсөтүлгөнүнө көңүл бурулган. Мындан улам кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы АСУдан 3 926 добушка көбүрөөк болгон.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алган.