БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстан келерки жылы да Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Министр соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн комиссиянын онлайн форматта өткөн бешинчи жыйынында сөз сүйлөгөн. Иш-чарага түркмөн тараптан аталган өлкөнүн энергетика министри Хаджимухаммед Режепмырадов катышкан.
"Жакынкы келечекте өлкөнүн өзүнүн энергетикалык потенциалын жогорулатуу, жаңы энергетикалык объектилерди ишке киргизүү боюнча иштер аткарылууда. Бир нече кичи ГЭСти куруу үчүн жумуштар жигердүү жүрүп жатат. Бул үчүн ички жана тышкы инвесторлорго жагымдуу шарттар түзүлдү", ― деди министр.
Ошондой эле Бекмурзаев президент Садыр Жапаровдун июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарынан кийин аталган өлкө Кыргызстанга электр энергиясын берип жатканын баса белгилеген. Анын айтымында, кийинки жылы дагы Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча келишим түзүлгөн. Учурда бул багытта мамлекет башчыларынын жана министрликтердин деңгээлинде активдүү сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылды.