Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова каза болду

Абылкасымова Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Абылкасымова Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Ал 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
1958-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова
Сыйлык, наамдары:
Майрамкан Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон салымы үчүн 1986-жылы Ардак белгиси ордени, 2005-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. 1980-жылы Кыргыз эл акыны наамын, 1970-жылы Ленин комсомолу сыйлыгын алып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
Эмгек жолу:
Кыргыз эл акыны 1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук "Ленин жолу" гезитинде жана Ош педагогикалык институтунда иштеген.
Актриса Искра Райымкулова көз жумду
1961-жылдан 1991-жылга чейин "Ала-Тоо" журналында адабий кызматкер, поэзия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле "Аялзат" гезитинде башкы редактор, 1995-жылдан баштап "Курманжан датка" фондунун төрагасынын кеңешчиси катары иштеген.
1961-жылы акындын алгачкы "Кичинекей досторго" аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. "Чолпон", "Эстелик сүйлөйт", "Быйыл жаздын гүлдөрү көп" аттуу жыйнактардын автору. Анын ырлары орус, украин, казак, моңгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган.