Кыргыз ССРи индиялык депутаттарды кантип таң калтырган. 52 жыл мурунку видео

Быйыл 17-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 77 жылдыгын белгиледи. Кыргыз ССРинде ведомствонун пайдубалы 1944-жылы түптөлгөн.
Sputnik
Башка союздук республикаларда да ушундай министрликтерди түзүү менен СССР жетекчилиги геосаясатта стратегиялык маселелерди чечүүдө албан ийгиликтерге жетишти. Мунун аркасы менен Кыргыз ССРи да дипломатиялык багытта улуттук кадрларын даярдап, геосаясатка, Советтер Союзунун стратегиялык маселелерин чечүүгө жигердүү аралашып, мамлекеттик кызыкчылыкты коргоого чоң салым кошкон. Ошондон бери бул ведомство тажрыйба топтоп, кыйла такшалды.
Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган
Жогорудагы даректүү тасманын үзүндүсүндө ТИМ 77 жылдын ичинде кандай жол басып өткөнүн эске салат. Кадрларда 1969-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов жана тышкы иштер министри Сакин Бегматова Фрунзе шаарында Индия парламентинин депутаттарын тосуп алганы көрсөтүлөт. Кулатов бул кызматка 1945-жылы шайланган эле, андан тышкары, СССРдин Жогорку Президиумунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
Советтер Союзунун деңгээлиндеги дасыккан Кулатов Иосиф Сталин менен да далай жолу жолуккан. Ал СССРдин башчыларын коштоп чет өлкөлөргө расмий иш сапар менен көп барган. Ошол эле убакта чет мамлекеттерден келген жогорку деңгээлдеги делегацияларды тосуп, союздук республикар менен тааныштырып, аларды Кыргызстанга да алып келчү. Өлкөгө келген меймандарды сөзсүз түрдө Бегматова тосуп алып, республиканын жетишкендиктери менен тааныштырчу. Кыргызстандын эл аралык мамилелери ушинтип жолго коюлган эле. Белгилей кетсек, 1994-1991-жылдары Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигин жети министр жетектесе, анын бешөө аял киши болгон.
Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган
Кулатов 1961-жылы Леонид Брежнев башында турган делегациянын курамында Индияга достук визити менен барган. 1947-жылы индус эли Англиядан азаттык алгандан кийин Советтер Союзуна ыктагандыктан СССР да бул өлкөнү Түштүк Азиядагы жакын өнөктөш деп эсептеген. Индия билим берүү, айыл чарба, соода-сатык жана өндүрүш тармактары боюнча СССР менен тыгыз кызматташкан. Индиянын көркөм тасмалары жана артисттери Советтер Союзунда абдан популярдуу болчу.
Сунушталган даректүү тасмада индиялык коноктор Кыргызстандын жетишкендиктерине абдан таң калып караганы көрүнүп турат. Индияны 200 жыл башкарган Улуу Британия элди бир топ жакырлантып жиберген эле. Теги индус белгилүү экономист Утса Патнаиктин эсептөөсү боюнча, 1767-жылдан баштап 1938-жылга чейин англиялык баскынчылар Индиядан 45 триллион доллар өндүргөн. Натыйжада он миллиондогон адамдар ачкачылыктан өлгөн. Чет элдик депутаттардын Кыргызстандын кыска убакыттын ичинде илим, айыл чарба жана өндүрүш жаатында жетишкенин көрүп, жогорку баасын бергени да ошондон.
Буга чейинки макалаларда Тышкы иштер министрлиги кандай аракеттер менен түзүлүп, ишмердүүлүгү кантип жолго коюлганы тууралуу кенен жазылган. Мындан тышкары, ведомствонун тарыхын баяндап берген дипломаттардын эскерүүлөрү да бар.