Ар бир округ ашык-кеми 20 миң болуп, орто эсеп менен 100 миң шайлоочудан турат. Мисалы, №4 Ноокат шайлоо округу 120 миң, ошол эле учурда №18 Ала-Бука округу 80 миң шайлоочудан куралган.
Мыйзамдарда "шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт" деген норма каралган. Бирок Алай шайлоо округуна Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун ары жагында жайгашкан Кара-Кулжа району кошулуп калган.
Баткен облусу — 3 мандат
№1 Лейлек шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 90 075.
- Бул округга Сүлүктү шаары толугу менен кошулат. Лейлек районунун Исфана шаары жана бардык айыл аймактары кирет.
№2 Баткен шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 102 010.
- Баткен району жана Баткен шаары толугу менен, Кадамжай районунун Халмион, Совет, Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл аймактары, Алга айыл өкмөтүнүн №8145, 8146, 8172, 8202 шайлоо участкалары кирет.
№3 Кадамжай шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 112 968.
- Кызыл-Кыя шаары толугу менен, Кадамжай районунун Кадамжай, Айдаркен шаарлары, Бирлик, Үч-Коргон, Чаувай, Абсамат Масалиев, Майдан, Марказ, Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактары, Алга айыл аймагынын №8147 шайлоо участкасы биригет.
Ош облусу жана шаары — 9 мандат
№4 Ноокат шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 120 184.
- Ноокат районунун Ноокат шаары, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат, Гулистан, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Насирдин Исанов, Көк-Бел айыл аймактары кирет.
№ 5 Араван шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 110 451.
- Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Мангыт, Нур-Абад, С. Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад, Төө-Моюн айыл аймактары кирет. Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Он-Эки-Бел, Найман, Т. Кулатов айыл өкмөттөрү кошулат.
№6 Ош-1 шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 99 189.
- Ош шаарынын Ош-ТС-Жапалак, Ош-ТС-1, Ош-ТС-2, Ош-ТС-3; Кара-Суу районунун Папан айыл аймагы толугу менен кирет.
№7 Ош-2 шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 87 318.
- Ош шаарынын Ош-ТС-4, Ош-ТС-5, Ош-ТС-6; Кара-Суу районун Төлөйкөн айыл аймагы толугу менен жана Шарк айыл аймагындагы № 5233, 5234, 5511, 5459 шайлоо участкалары толугу менен кирет.
№8 Кара-Суу-1 шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 86 598.
- Кара-Суу районунун Кара-Суу шаары, Савай, Сарай, Ак-Таш, Жоош айыл аймактары толук жана Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы №5205, 5206, 5207, 5208, 5209, 5210, 5211, 5506, 5507 шайлоо участкалары, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтү кирет.
№9 Кара-Суу-2 шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 97 460.
- Кара-Суу районунун Нариман, Шарк айыл аймагындагы №5228, 5229, 5230, 5231, 5232, 5235, 5236, 5460, 5510, 5546, 5590, 5778 шайлоо участкалары, Мады, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү № 5212, 5213 шайлоо участкалары жана Кызыл-Кыштак айыл аймагы толугу менен кирет.
№10 Куршаб шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 93 024.
- Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы № 5058, 5059, 5060, 5062, 5063, 5473, 5498, 5578, 5579 шайлоо участкалары, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары кирет. Ага Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот айыл аймактары кошулган.
№11 Өзгөн шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 89 141.
- Өзгөн районунун Ак-Жар, Алтын-Булак, Жазы, Зергер, Көлдүк, Кызыл-Тоо, Мырзаке, Салам-Алик, Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жылалды, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Чаңгет айыл аймактары, Өзгөн шаарындагы №5499, 5064, 5065, 5061, 5066 шайлоо участкалары кирет.
№12 Алай шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 114 940.
- Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондору бириктирилип бир округ түзүлгөн.
Жалал-Абад облусу — 7 мандат
№13 Сузак шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 111 287.
- Сузак районунун Көк-Жаңгак шаары, Атабеков, Багыш, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Сузак айыл аймактары кирет.
№14 Жалал-Абад шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 106 138.
- Жалал-Абад шаары толугу менен, Сузак районунун Барпы, Ырыс, Таш-Булак, Ленин айыл аймактары кирет.
№15 Базар-Коргон шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 112 932.
- Базар-Коргон жана Тогуз-Торо району толугу менен кирет.
№16 Ноокен шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 95 129.
- Майлуу-Суу шаары жана Ноокен району толугу менен кирет.
№17 Аксы шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 80 516.
- Аксы району толугу менен кирет.
№18 Ала-Бука шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 80453.
- Ала-Бука жана Чаткал райондорунан куралган.
№19 Токтогул шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 99 909.
- Токтогул району жана Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары толугу менен кирет.
Талас облусу — 2 мандат
№20 Манас шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 82 676.
- Кара-Буура жана Манас райондору толугу менен, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Боо-Терек, Ленинполь, Миң-Булак, Оро айыл аймактары кирет.
№21 Талас шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 80 433.
- Талас шаары жана Талас району, Бакай-Ата районунун Акназаров, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш айыл аймактары кирет.
Чүй облусу — 6 мандат
№22 Жайыл шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 99 663.
- Жайыл жана Панфилов районунун бардык шаар, айылдарынан куралат.
№23 Москва шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 87 801.
- Москва району толугу менен Сокулук районунун Төмөнкү Чүй, Ат-Башы, Жаңы-Жер, Камышановка, Жаңы-Пахта, Биринчи май айыл аймактарынан турат.
№24 Сокулук шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 99 755.
- Сокулук районунун Шопоков шаары, Орок, Күн-Туу, Кызыл-Туу, Новопавловка, Военно-Антоновка, Фрунзе, Гавриловка, Сокулук, Кайназарова, Крупская, Төш-Булак, Асылбаш, Саз айыл аймактары кирет.
№25 Аламүдүн шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 111 115.
- Аламүдүн району толугу менен бир округ деп эсептелет.
Бишкек шаары — 4 мандат
№26 Ленин шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 110 870.
- Ленин району толугу менен киргизилип, ашып калган 11 шайлоо участкасы башка округга кошулган.
№27 Биринчи май шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 109 309.
- Биринчи май району толугу менен, Ленин районундагы №1002, 1003, 1004, 1005, 1006, 1007, 1040, 1041, 1042, 1043, 1044 шайлоо участкалары кирет.
№28 Октябрь шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 105 320.
- Октябрь району толугу менен, эки шайлоо участкасы башка округга кошулган.
№29 Свердлов шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 103 101.
- Свердлов району толугу менен, Октябрь районундагы №1150, 1157 шайлоо участкалары кирет.
Чүй облусу
№30 Ысык-Ата шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 96 697.
- Ысык-Ата районунун Кант шаары жана бардык айыл аймактары кирет.
№31 Кемин шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 114 743.
- Токмок шаары, Кемин жана Чүй райондору толугу менен кирет.
Нарын облусу — 2 мандат
№32 Кочкор шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 104 250.
- Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондору бириктирилип бир округ түзүлгөн.
№33 Нарын шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 104 851.
- Нарын шаары, Ат-Башы жана Нарын району кошулган.
Ысык-Көл облусу — 3 мандат
№34 Жети-Өгүз шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 108 452.
- Тоң жана Жети-Өгүз райондору толугу менен, Каракол шаарынын №3131, 3132, 3161 шайлоо участкалары кирет.
№35 Ак-Суу шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 118 513.
- Каракол шаары (№3131,3132, 3161 шайлоо участкаларынын тышкары) Ак-Суу жана Түп райондору кирет.
№36 Ысык-Көл шайлоо округу
- Шайлоочулардын саны — 89 607.
- Ысык-Көл району жана Балыкчы шаары толугу менен, Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагы кирет.