БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ленин райондук милициясы Бишкектеги түнкү клубдун администраторуна кол көтөргөн чет элдик жаран боюнча маалымат берди.
Милициянын билдирүүсүнө ылайык, 3-август күнү И.Р. аттуу кыз таңкы саат 04:30дар чамасында Чүй проспекти менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде белгисиз жаран аны урганын айтып арыз жазган.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене ("Майда бейбаштык") менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
"Ишти андан ары териштирүү үчүн ошол эле күнү Ленин райондук Кайгуул милициянын кызматкерлери Р.Х. аттуу Улуу Британиянын жаранын алып келишкен. Мындан сырткары, соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда жабырлануучу денесинен жаракат албаганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми чет элдик жарандын жасаган ишине юридикалык баа берүү маселеси жабырлануучуга кайрадан соттук-медициналык экспертиза дайындоо менен чечилери белгиленди.
Учурда тергөө уланууда.
Белгилей кетсек, Бишкекте түнкү клубга келген чет элдик жаран администратор кызды өзөртө соккон. Жабырлануучу Ленин райондук милициясына арыз жазып, ага кол көтөргөн жаранды да алып барган. Бирок ал тиешелүү жазасын албаганына нааразы болууда.