Эч нерсеси калбай күйүп кеткен. Ошто кулаган тик учактын видеосу

Буга чейин УКМК төрагасы тик учак эки тоонун ортосунда катуу шамалдан улам кырсыктаганын айткан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Социалдык тармакка тик учак кулаган жерден тартылган видео жарыяланды.
Кадрдан аба техникасы кулаганда күйүп, талкаланып эч нерсеси калбаганын көрүүгө болот.
Аталган тик учак Чоң-Алайга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди коштоп бара жаткан. Ташиев ал эки тоонун ортосунда катуу шамалдан улам кырсыктаганын айткан
Шамал жерге кулатыптыр. Ташиев тик учактын кантип кырсыктаганын айтты. Видео
Белгилей кетсек, кечээ, 4-июнда, Чоң-Алайды көздөй бараткан аскердик тик учак авариялык абалдан улам конууга аргасыз болгон. Ал Ош облусуна караштуу Араван районунун Кичи-Алай айылына түшкөн. Коргоо министрлиги конуу учурунда тик учактан өрт чыгып кеткенин маалымдаган.
Бортто экипаж менен кошо 15 адам болгон, 14ү Ош облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Бирөөнүн абалы оор деп бааланууда.