Азыркы жашоодо бата берүү, бата алуу да заманга ылайыкташып барат. Ал тургай каалоо менен тилектен, тосттон айырмасын ажырата албай бара жаткандайбыз дейт кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев. Аны менен батанын кыргыз жашоосундагы орду тууралуу маек курдук.
Кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев: Бата берүү, бата алуу кыргыз үчүн абдан олуттуу болгон. Азыр көчөдөн токтото калып эле бир ишти баштап жатканын айтып бата сурап калышат, бул бата алууга жатпайт.
— Бата тууралуу сөз кылардан мурда ушул аталышка токтоло кетсеңиз. Бата деген эмнени түшүндүрөт?
— "Бата" сөзү кыргыз тилине араб тилинен келген деген божомолдор айтылып жүрөт. Анда "бата" "фатиха" деген курандын биринчи сүрөсүнөн кыргыз тилине ылайыкташып, тыбыштык өзгөрүүлөргө дуушар болгон дешет. Менимче, бул туура эмес божомол. Анткени эгер илимге таянып айта турган болсок, тилдин этимологиясында өзгөрүүлөр 500 жылда бир тыбыш түшүп же кошулуп калышы мүмкүн экен. Бул жагынан алып караганда ислам дининин кыргыздарга келиши менен "фатиха"сөзүнүн "бата" болуп кыскарып, өзгөрүп кетиши убакыт жагынан да туура келбей калып жатат. Экинчиден "фатиха-патха", анан "бата" болуп калышы такыр эле коошпойт.
Эми бул сөздүн өзүнө үңүлүп карай турган болсок, ба+та деп эки муундан туруп жатат. Кыргыз тилинде созулма үндүү деген бар. Аны эске алуу менен "баа" жана "таа" деген эки сөздүн куралышынан келип чыкканбы деп ойлойм. Анткени кыргызда баа деп бир нерсенин наркын айтат, ал эми "таа" деп чүкөдө алчы, таа, таа турду деп айтылат. Бул эң бийиги, эң мыктысы дегенди түшүндүрөт. Бирөө ток этер жерин, өзөгүн айтканда таасын айтты дейт кыргыз. Демек, таа деген уңгу бир нерсенин өзөгү, маңызы дегенди түшүндүрөт. Кийинчерек бул сөздү көп колдонбой калдык. Мына ушул эки сөздүн куралышы менен өзөгүнө, негизине, маңызына баасын берди деген маанини түшүндүрүш үчүн "бата" сөзү келип чыкса керек. Бул менин жеке божомолум.
— Бата кандай учурда берилген ?
— Бата берүү, бата алуу түшүнүгү кыргыз үчүн абдан олуттуу болгон. Азыр көчөдөн токтото калып эле бир ишти баштап жатканын айтып бата сурап калышат, бул бата алууга жатпайт. Азыркы заманда "уулум алыска окууга кетип жатты эле, же сапарга чыгып жатты эле, бата берип коюңуздар" деп улууларды, аксакалдарды жыйып чай берип, бата сурап жүрүшөт. Бул бата алуунун нукура жөрөлгөсүнөн алыстап кеткендик. Бата эч убакта жеке бир иштерге суралбайт. Элдин кызыкчылыгын, мүдөөсүн, муктаждыгын чече турган ишке, ошол коомдон бирөө жоопкерчилик алып бир жака аттанып жатса же бир иш баштаса, мына ошондо бата беришкен. "Жолуң ачылсын", "сапарың байсалдуу болсун" деген баталар мына ушундай учурларда айтылган. Эгер билим алуу үчүн алыс жолго чыгып жатса, ошол окуган окуусу өз элине үзүрүн берсин деген ниетте бата беришкен. "Жеңил барып, оор кел" деген мына ушундай жерде айтылган бата. Маанисинде "көп билимге ээ бол, калкыңа жарык чачар, пайдасы тиер илим алып кайт" дегени.
Бата өзү кыска болот. Азыркы учурда көбүнесе бата десе каалоо айтып киребиз. Каалоо батадан айырмаланып чексиз келет. Адам ар нерсени каалай бериши мүмкүн. Ал эми бата конкреттүү бир ишке карата гана кыска, нуска айтылган. Кыргызда бата менен тукуму өскөн деген да түшүнүк бар. Бул элдин кызматын кылып, калктын ыраазычылыгына ээ болуп жүрүп очор-бачар болгон үй-бүлөлөргө карата айтылат. Демек, бата бул адамдын ичинен оргуштап чыккан чыныгы ыраазычылыгы, эң жогорку баасы бир адамга арналып, ал сөздүн таасы менен коштолгон нур десек болот. Нур — азыркы түшүнүк менен айтканда энергия. Адам ошол өзү ыраазы болуп турган учурундагы жакшы энергиясы менен бөлүшөт.
Батаны азыркы күндө тилектен да айырмалай албай келебиз. Ата-бабабыз адамдын колунан келбеген нерсени гана тилек кылган. Адамзаты жасай албаган нерсени Кудайга, Жаратканга кайрылып тилеген. Эгер өзү болбосо башканын колунан келип турган нерсе болсо, ал тилек эмес, ал жөн гана каалоо болот. Ал эми батада ошол жогорку күчтөр берүүчү, адам колунан келбеген жакшылыкты, чын дили менен башка адамга арнайт, билдирет. Аны өзү жасай албагандыктан, Жараткан кудай ошол нерсени сага берсин деп билдирген ыраазычылыгы. Мына ушул чыныгы бата болот.
Мелис Мураталиев: батаны үч түрдө берилет. Биринчисин кадыры сиңген адамдар берсе, экичнси жалпы журттун батасы. Үчүнчүсү — кайып дүйнө батасы деген түшүнүк болгон.
— Батаны кимдер берген?
— Батаны үч түрдөгү адамдар бере алган. Биринчиси — бул элге кадыры сиңген, кызматы өткөн сыйлуу адамдар. Өздөрү бата менен көгөрүп, өсүп, батанын баркын билген, анын ордун, маанисин, салмагын түшүнгөн, калкы үчүн көп жакшы иштерди жасаган адамдардан бата сурашкан.
Экинчиси — жумурай журттун батасы. Бул баталардын эң күчтүүсү болуп эсептелет. Азыркы заманда спортчуларыбызды мисалга алсак болот. Соңку учурда элдин батасына арзып жаткан балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова. Анын ар бир мелдешин эл сүрөп, эл колдоп "Жеңиш менен кел", "Кыргыздын сыймыгын арттыр" деген сыяктуу сөздөрдү айтып, жазып жатышпайбы. Мына ушул — бата, болгондо да эң күчтүү болгон калктын батасы. Мындай журт арзуусуна ээ болгон адамга сөзсүз түрдө калкынын батасы тиет.
Үчүнчүсү — кайып дүйнө батасы деген түшүнүк болгон. Азыркы заманда бул тууралуу көп айтылбай калды. Мисал катары "Манас" эпосун алсак болот. Бизде азыр эпосту оозуна куюп койгондой айтып жаткан манасчыларыбыз бар. Алардын дээрлик бардыгы түшүндө кимдир бирөө манас айт дегенин же оозуна кочуштап бирдеме куйганын, болбосо кесе кылкылдаган суусундук берсе аны ичип четин оё албай койгонун, айтор, мына ушундай кайып дүйнө менен болгон байланыштардан кийин манас айта баштаганын билдиришет. Төкмөчүлүк деле ушундай. Бул өнөр эмес, кийин үйрөнүп алгыдай, адам жамакчы болуп төрөлүшү мүмкүн, бирок төкмөчүлүк кайыптан берилет.
— Батаны кимдер сураган, кантип сураган? Жол-жобосу болгонбу?
— Албетте. Батаны алуунун да өз эрежелери болгон. Биринчиден, азыркыдай болуп эле жаңы бир иш баштап жаттым эле же бир башка себепти айтып, жакшы жолугуп калбадыңызбы деп турган жерден бата сурай беришкен эмес. Бата суроо — чоң жоопкерчилик. Адатта аталар жакшы бир жыйындан кийин же атайын батакөйлөрдү, жалпы элди чогултуп, балдарынын ичинен тың чыкма бирин тандап туруп бата сураган. Анан чогулган эл ошол балага "өркөнүң өссүн", "элдин уулу бол", "атаңдан ашкан уул бол", "атага тете уул бол" деген сыяктуу баталарын беришкен. Бул батаны айтарда жанагы "куру аякка бата жүрбөйт" деген макалды эстеп өткөнүбүз туура болор. Бул батанын салмагын, маанисин, орчундуулугун туюнткан макал. Анткени бата жөн эле, курулай, али жасала элек ишке же жеке бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн берилген эмес. Ошол бата сурап турган кишинин калк арасында кадыры, элине сиңген эмгеги бар үчүн, атасынын эл үчүн жасаган кызматына жооп кылып, баласына бата берүүгө макул болушкан. Бул ушундай таза, элдик инсандын баласы да ата жолун жолдосун деген ниетте жасалган. Уучубуз ушундай жакшы адамдардан куру болбосун, өсүп келе жаткан чырпыкты ак батабыз менен атасындай чынарга айлантып алалы деген тилекте жасалган.
Азыркылар мамлекеттик кызматка бараттым эле деп бата сурап жатышпайбы. Бул да туура эмес. Анткени азыркы заманда мамлекеттик кызматтагыларга айлык акы төлөнөт. Демек бул кызмат эмес, жөнөкөй гана жумуш. Илгери кыргызда "жаным казык, каным азык" болсун деп эл үчүн башын сайып бекер иштешкен. Элди коргогон баатырлар эч убакта мага акы төлөгүлө деген эмес же элдин маселесин чечип жаткан билимдүүлөрү акы сураган эмес. Алар жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн башын сайышкан, мына ушул эл, мамлекет үчүн кызмат кылуу деп аталат. Мына ушундай учурларда гана бата берилип, ал тиет.
Мелис Мураталиев: Бата суроо — чоң жоопкерчилик. Адатта аталар жакшы бир жыйындан кийин же атайын батакөйлөрдү, жалпы элди чогултуп, балдарынын ичинен тың чыкма бирин тандап туруп бата сураган.
— Тескери бата деген да түшүнүк болгонун адабий чыгармалардан улам билебиз. Батанын бул түрүнө токтоло кетесизби?
— Тескери бата көп учурда талаш маселе жаралганда же намыс үчүн айтылган орток сөз. Санжырадан билебиз, Алсейит менен Тынымсейиттен тарагандар көбөйүп, бири Көлдү жердеп, экинчиси Нарынга отурукташып калган кезде Нарынга кеткен тынымсейиттин бир жаш бийи келип, ал жактагы жергиликтүүлөр менен жайыт талашып калып, Көлдөгү бир туугандарына кайтып келүү маселесин коюшкан. Жыйналышта Боромбай бий баштаган эл жакшылары отурган. Боромбай бий ошол кезде Тилекмат акени сөзгө жөндүү, айткан сөзүнүн деми бар адам экенин байкап, дайыма элчи катары жанында алып жүрчү экен. Ошол кеңеште да тынымсейиттердин бийинин оюн уккандан кийин алгач эле сөз алып Тилекмат аке сүйлөмөк болот. Анда жаш бий "силерде бийиңерден мурда кулуңар сүйлөйбү" деп жаштыгына салып кекээр кеп айтат. Анда арданган Тилекмат аке "болуптур, анда эмесе бир жылдан кийин бул маселеге кайтып келели. Ага чейин кимдин чыгына кимибиз биринчи кол салып калар экенбиз, көрөлү" дейт ызырына. Ошондо эле сөз кастарлаган аксакалдар чочуп кетишкен экен. Бирок айтылган сөз атылган ок дегендей, ал айтылып кеткен эле. Бир жылга жетпей ошол аймакта жүргөн Тилекмат аке жаш бийдин каза болгондугу тууралуу кабар угат. Көрсө, "кимдин чыгына кимибиз биринчи кол салып калар экенбиз" дегени — кара ашта тартылчу этке кошуп берилген чык айтылган тура. Ошондо жанагы жаш бийдин апасы "айланайын Тилекмат, сенин берген тескери батаң балама таш болуп тиерин сен ошондо эле билгенсиң да, сөзүңдү кайра ал, тескери батаңды жандыр, тукумуна залал кылып койбо" деп жалынып ыйлаган экен. Тилекмат аке да "кечирим сурасам да эми кеч, бийди кайтарып ала албайбыз, ачууга алдырганымды мойнума алам" деп өкүнгөн дешет. Тескери батанын орду мына ушундай болгон. Биз көп учурда тескери бата менен каргышты алмаштырып жүрөбүз. Каргыш деген такыр башка маселе. Бир сөз менен айтканда, ал кара тилек, каалоо. Анын чеги жок. Каргышта ар нерсени айтып каргай беришет. Ал эми тескери бата так, даана бир ишке же адамга багытталып, намыс талаш же башка бир конкреттүү ишке багытталган.