БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов офицер, прапорщик, сержанттарды өкмөттүн атынан Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.
Өкмөт башчы куттуктоосун Facebook баракчасына чыгарды.
"Мекенди коргоо — ар бир жарандын ыйык милдети. Бул майрам патриоттуулук сезимди ойготуучу чоң күчкө ээ. Бул күнү кылымдар бою мамлекетти сактоо үчүн кычыраган кышта, кайнаган ысыкта, күн-түн, ачка-ток дебей күжүрмөн нөөмөттө туруп, ак кызмат кылган бардык муундагы жоокерлердин эмгеги менен эрдиги даңкталат. Улуу муундун, ардагерлердин бүгүнкү келечектеги бейпил жашообузга кошкон салымы баа жеткис", — деди ал.
Марипов коронавирус маалында Куралдуу күчтөрдүн, Улуттук гвардиянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокерлери менен чек арачылар блокпосттордо турушканын белгилей кеткен.
Өкмөт башчы аскер кызматкерлерине бекем ден соолук жана жаркын маанай, ал эми элде ынтымак, мамлекетте тынчтык болушун каалаган.