Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары алмашты

Премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн эки буйругу менен өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басарын кызматтан алып, ордуна башкасын дайындады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев - Sputnik. Кыргызстандын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары алмашты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Премьер-министр Улукбек Марипов бир буйругу менен Уран Ахметовду иштен алып, экинчи буйругу менен анын ордуна Айбек Жунушалиевди дайындады.