Ахметов Уран Түлөндиевич — өмүр баяны

Жазылуу
Уран Ахметов 1980-жылы 19-майда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими:

2003 — Кыргызстандын Эл аралык университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган;

2009 — Япониянын Кюсю университетинен "Юриспруденция" адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

2001 — Кыргызстандын Эл аралык университети, студенттер менен маданий-массалык жана тарбия иштери боюнча уюштуруучу;

2001 – 2002 — КР дене тарбия, спорт жана олимпиадалык кыймылды колдоо боюнча коомдук фондунун директору;

2002 – 2004 — КР Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин юридикалык бөлүмүндө башкы адис;

2004 – 2005 — КР Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинин юридикалык бөлүм башчынын орун басары;

2005 – 2010 — КР Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин, Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин, Энергетика министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

2010 – 2010 — КР Убактылуу өкмөт аппаратынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;

2010 – 2010 — КР президент администрациясынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн соттордогу өкүлчүлүк секторунун эксперти;

2010 – 2012 — КР өкмөт аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн сот органдары менен өз ара аракеттенүү секторунун башчысы, эксперт;

2012 — КР президент аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

2014 — Японияда окууда болгон;

11.2016 – 03.04.2018 — КР Юстиция министри.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеӊешчиси чини бар.

Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.

Жаңылыктар түрмөгү
0