Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылды

Инаугурация 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жаңы шайланган башчысы Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары экс-президент Роза Отунбаева жана мамлекет башчылыкка ат салышкан талапкерлер да ант берүү аземине чакырылган.
Жапаровдун ант берүү аземин түз эфирде көрсөтүшөт. Журналисттер чакырылган жок
Жээнбеков өлкөнү үч жыл башкарган соң 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин отставкага кеткен. Ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жээнбековдун статусу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Анда экс-президентке мыйзам тарабынан каралган бардык ченемдер сакталары жазылган.
2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров жеңишке жеткен.
Инаугурация 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында өтөт.