Бишкектин четиндеги дачага өлүк тоокторду таштап жаткандар кармалды. Видео

Тургундар тартып алган видеодо өлгөн канаттууларды жүктөп келген машина Транспорт жана жолдор министрлигине таандык экени жазылып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Бек-Тоо дачасына жүк ташуучу унаага өлүк тоокторду жүктөп келип таштап кетишкен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга айыл тургуну Айбек Ибраимакунов билдирди.

Анын айтымында, жеке ферманын ээси кечээ, 22-декабрда, экскаватор менен жерди казып, өлүк тоокторду төгүп кетүүгө аракет кылган. Муну жергиликтүүлөр байкап, токтотуп калышкан.

"Жүк ташуучу унаага толтуруп жүктөп келип калк жашаган үйлөрдүн 150 метрдей ары жагына аңтарды. Муну бирөө көрүп калып, бардык коңшуларды чакырган. Чогулуп барып аны кайра жүктөтүп, жерди дезинфекция кылышын талап кылдык. Ишин жашырып кетпесин деп унаасын бербей, түнү менен кайтарып отурдук. Өлгөн тоокторду төгүүгө Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы уруксат бергени айтылууда", — деди Ибраимакунов.

Тургундар тартып алган видеодо өлгөн канааттууларды жүктөп келген машина Транспорт жана жолдор министрлигине таандык экени жазылып турат.

Бишкектин четиндеги дачага өлүк тоокторду таштап жаткандар кармалды. Видео

Ал эми Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат кызматы тооктор кайра жүктөлүп, казылган жер хлор менен дезинфекцияланганын билдирди.

Малдын териси иттердин эрмегине айланды. Айылдыктарга ким көмөктөшөт?
"Өлүк тооктор жеке ишкер Шадыбек Жуманалиевге таандык экени аныкталды. Ал фермасындагы тооктору белгисиз оорудан улам кырылып калганын айтты. Жүк ташуучу унааны жалдап жүктөп келишкен. Ал эми өлүк тооктор тиешелүү уруксат кагаздарын алган соң шаардык таштанды таштоочу жайга, санитардык полигонго жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар Экотехинспекция тарабынан Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө Эреже бузуулар кодексинин 71-беренеси ("Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө") менен чара көрүү боюнча жазуу түрүндөгү билдирме жергиликтүү бийликке берилген.